Забур 45:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Аламот күү аспабы менен. Ыр.

2Кудай биздин баш калкалар жайыбыз жана күчүбүз, кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз.

3Ошондуктан жер титиресе да, тоолор жылып деңизге чөксө да, биз коркпойбуз.

4Алардын суулары шаркырап ташкындай берсин, алардын толкундарынан тоолор титирей берсин.

5Дарыя суулары Кудайдын шаарын, бардыгынан жогору турган Кудайдын ыйык жайын шаттыкка бөлөйт.

6Кудай анын ортосунда, ал солк этпейт: Кудай ага таң азандан жардам берет.

7Бутпарас элдер чуулдап, падышачылыктар кулай баштады: бардыгынан жогору турган Кудай үн салды эле, жер эрип кетти.

8Себайот Теңир биз менен, Жакыптын Кудайы биздин чебибиз.

9Келгиле, Теңирдин иштерин – жер үстүн кандай кыйратканын көргүлө.

10Ал жер жүзүндөгү согуштарды токтотту, жааларды талкалады, найзаларды сындырды, арабаларды өрттөп жиберди.

11Токтогула, Менин Кудай экенимди таанып билгиле. Мен элдер арасында даңкталам, жер үстүндө даңазаланам.

12Себайот Теңир биз менен, Жакыптын Кудайы биздин чебибиз.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>