Забур 46:1-10 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.

2Бардык элдер, кол чапкыла, Кудайды кубанычтуу үн менен чакыргыла!

3Анткени кудуреттүү Теңир коркунучтуу, Ал – бүт жер үстүндөгү улуу Падыша.

4Бизге элдерди баш ийдирди, урууларды бут алдыбызга жыкты.

5Ал бизге мурасты, Өзү сүйгөн Жакыптын сыймыгын, тандап берди.

6Кудай кубанычтуу кыйкырыктардын коштоосунда, Теңир сурнайдын коштоосунда жогору көтөрүлдү.

7Биздин Кудайды мактап ырдагыла, ырдагыла. Биздин Падышаны мактап ырдагыла, ырдагыла.

8Анткени Кудай – бүт жер жүзүнүн Кудайы. Баарыңар түшүнүп ырдагыла.

9Кудай элдердин үстүнөн падыша болду; Кудай Өзүнүн ыйык тактысына отурду.

10Бардык элдердин төрөлөрү Ыбрайымдын Кудайынын эли катары чогулду, анткени жердеги калкандар Кудайдыкы. Кудай алардын үстүнөн өтө бийик көтөрүлдү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>