1Ыр. Забур. Корактын уулдарыныкы.
2Теңир биздин Кудайыбыздын шаарында, Өзүнүн ыйык тоосунда улуу, түбөлүк даңктоого татыктуу.
3Сион тоосу – эң сонун бийиктик, бүт жер жүзүнүн кубанычы. Анын түндүк тарабында улуу Падышанын шаары жайгашкан.
4Кудай анын сарайларында тирек катары белгилүү.
5Падышалардын баары чогулуп, согушка аттанышты.
6Бирок алар бул шаарды көргөндө, коркуп кетишти, үрөйлөрү учуп, артка качышты.
7Аларды коркунуч каптады, толгоо тарткан аялдай кыйналышты.
8Сен чыгыш шамалы менен Таршыш кемелерин кыйраттың.
9Биз Себайот Теңирдин шаарында, биздин Кудайдын шаарында, эмнени уксак, азыр ошону көрдүк. Кудай аны түбөлүккө бекемдейт.
10Кудай, биз Сенин ийбадатканаңдын ичинде Сенин ырайымың жөнүндө ойлондук.
11Кудай, Сенин ысымың сыяктуу эле даңкың да төгөрөктүн төрт бурчуна жетет. Сенин оң колуң адилеттикке толгон.
12Сион тоосу шаттансын, Теңир, туура өкүмдөрүң үчүн Жүйүт кыздары кубанышсын.
13Сион тоосун тегеректеп, аны айланып чыккыла. Анын мунараларын санап чыккыла.
14Өз жүрөгүңөрдү анын чептерине бургула. Келечек муунга айтып бериш үчүн, анын үй-жайларын карап чыккыла.
15Анткени бул Кудай биздин түбөлүк Кудайыбыз. Ал биз өлгөнгө чейин да жол башчыбыз болот.