Забур 48:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.

2Бардык элдер, муну уккула. Бүт ааламда жашап жаткандар, буга кулак салгыла.

3Карапайымдар да, атактуулар да, байлар да, жакырлар да – баарыңар уккула.

4Менин оозум акылдуу сөздөрдү сүйлөйт, жүрөгүмдүн ойлогону – билим.

5Кулагымды накыл сөзгө бурам. Гусли чертип, табышмагымды ачам:

6«Башыма кыйынчылык түшкөн күндөрү, душмандарымдын мыйзамсыздыгы мени курчап алганда, эмне үчүн коркушум керек?»

7Өз күчүнө ишенгендер жана көп байлыгы менен мактангандар!

8Адам өз бир тууганын эч куткара албайт, аны куткарып алуу үчүн, Кудайга кун төлөй албайт.

9Алардын жанын куткарып алуу баасы өтө кымбат. Адам түбөлүк жашаш үчүн жана мүрзөнү көрбөш үчүн, эч качан эч кандай кун төлөй албайт.

11Акылдуу адамдар акылсыз адамдар сыяктуу эле өлүп жатышканы, эси жоктор өлүп, дүнүйөлөрүн башкаларга калтырып жатышканы ар бир эле адамга айкын.

12Алардын ою боюнча үйлөрү түбөлүк турат, үй-жайлары укумдан-тукумга калат, ошондуктан жерлерин өздөрүнүн ысымдары менен аташат.

13Бирок адамдын атак-даңкы түбөлүктүү эмес, анткени адам өлө турган жаныбарларга эле окшош.

14Алардын бул жолу – акылсыздык, аларды жолдогондор болсо алардын ойлорун туура көрүшөт.

15Аларды койлор сыяктуу өлгөндөр жаткан жайга камашат. Аларды өлүм кайтарат, эртең менен адил адамдар алардын үстүнөн бийлик жүргүзүшөт. Алардын күчү жок болот, алардын турагы – мүрзө.

16Бирок Кудай мени кабыл алып, жанымды өлгөндөр жаткан жайдын бийлигинен куткарат.

17Адам байый баштаганда, анын үйүнүн атак-даңкы арта баштаганда, коркпо.

18Анткени ал өлүп бара жатканда, эч нерсени ала кетпейт. Атак-даңкы артынан кетпейт.

19Ал тирүү кезинде өз жанын кадырлап-кастарласа да, өзүн өзү камсыз кылганы үчүн адамдар аны макташса да,

20ал өзүнүн ата-бабаларынын артынан барат, алар эч убакта жарыкты көрүшпөйт.

21Атак-даңктуу, бирок акылсыз адам өлө турган жаныбарларга эле окшош.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>