1Асаптын забуру. Кудайлардын Кудайы, Теңир, үн салып, күн чыгыштан күн батышка чейин жер жүзүндөгүлөрдүн бардыгын чакырат.
2Кудай сулуулуктун туу чокусу болгон Сион тоосунан келет.
3Кудайыбыз келе жатат, Ал унчукпай келе жаткан жок: Анын алдында – баарын жалмаган от, тегерегинде – катуу бороон.
4Ал Өз элин соттоо үчүн, жогорудан асман менен жерге чакырык салып жатат:
5«Курмандыктын жанында Мени менен келишим түзгөн Менин ыйыктарымды чогулткула».
6Асман Анын чындыгын жар салып жатат, анткени бул Сот – Кудай Өзү.
7«Элим, Мени ук, Мен сүйлөйм, Ысрайыл, Мен сага каршы күбөгө өтөм. Мен Кудаймын, сенин Кудайыңмын.
8Мен сени курмандыктарың үчүн жемелебейм. Сенин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарың дайыма Менин алдымда.
9Сенин үйүңдөн букачар да албайм, сенин корооңдон теке да албайм.
10Анткени токойдогу жаныбарлардын баары Меники, тоодогу миңдеген мал да Меники.
11Тоодогу бардык куштарды билем, талаадагы жаныбарлар Менин алдымда.
12Эгерде Мен ачка болсом да, сага айтмак эмесмин, анткени бүткүл аалам жана анда жашагандардын баары Меники.
13Мен букачардын этин жемек белем? Текенин канын ичмек белем?
14Кудайга мактоо курмандыгын алып кел, кудуреттүү Кудайга берген убадаларыңды аткар.
15Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың».
16Күнөөкөргө болсо Кудай мындай дейт: «Эмне үчүн сен Менин мыйзамдарымды жар саласың, осуятымды оозуңа аласың?
17Сен Менин мыйзамдарымды жек көрөсүң, Менин сөздөрүмдү таштап салдың.
18Ууруну көргөндө, ага кошулуп кетесиң, ойноштук кылгандарга кошулуп ойноштук кыласың.
19Оозуңдан жаман сөздөр чыгат, тилиң болсо жалган сөздөрдү куюлуштуруп сүйлөйт.
20Отуруп алып бир тууганыңа каршы сүйлөйсүң, өз энеңдин уулун жамандайсың.
21Сен ушундай кылдың, бирок Мен унчуккан жокмун. Өзүң кандай болсоң, Мени да ошондой ойлодуң. Айыбыңды ачып, күнөөңдү өз көзүңө көрсөтөм.
22Кудайды унуткандар, мына ушуну түшүнгүлө, болбосо Мен силерди тытып жок кылгым келсе, эч ким куткарбайт.
23Мага мактоо курмандыгын алып келген адам – Мага урмат көрсөткөн адам. Өз жолун байкап жүргөн адамга Мен Кудайдын куткаруусун көрсөтөм».