1Ырчылар тобунун башчысына.
2Дөөт Бат-Шебага жакындагандан кийин, ага Натан пайгамбар келгендеги Дөөттүн забуру.
3Кудайым, мени Өзүңдүн улуу ырайымың боюнча ая, Өзүңдүн улуу кайрымдуулугуң боюнча күнөөлөрүмдү өчүрүп сал.
4Күнөөлөрүмдү тазаргыча жууп, кылмышымдан тазала.
5Анткени мен күнөөлөрүмдү мойнума алам, кылмышым көз алдымдан кетпейт.
6Мен Сага, бир гана Сага каршы күнөө кылдым, Сенин көз алдыңда жаман иш кылдым. Сенин өкүмүң адилет, Сенин сотуң таза.
7Мен бойго бүткөндөн тартып эле күнөөкөрмүн, энемден күнөөкөр болуп төрөлгөм.
8Сен жүрөктөгү чындыкты сүйөсүң, ички дүйнөмө акыл бердиң.
9Мага иссоп менен кан чач, ошондо таза болом. Мени жуу, ошондо кардан ак болом.
10Мага кубаныч менен шаттыктын үнүн угуз, ошондо Сен талкалаган сөөктөрүм сүйүнөт.
11Күнөөлөрүмдөн жүзүңдү бур, менин кылмыштарымдын баарын өчүр.
12Кудайым, таза жүрөк жарат, рухумду жаңыла.
13Менден жүзүңдү бурба, менден Өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба.
14Мага Өзүңдүн куткаруу кубанычыңды кайтарып бер, бийлиги бар Рухуң менен мени бекемде.
15Мыйзамсыздарга Сенин жолуңду үйрөтөм, ошондо кудайсыздар Сага кайрылышат.
16Кудайым, куткаруучу Кудайым, мени кандан куткар, менин тилим Сенин адилеттигиңди даңазалайт.
17Теңир! Менин оозумду ач, ошондо менин оозум Сенин даңкыңды жар салат.
18Анткени Сен курмандыкты каалабайсың, мен аны берер элем. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жактырбайсың.
19Чын жүрөктөн өкүнүү – Кудай алдында курмандык. Сен өкүнүп, моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң.
20Өз ырайымың менен Сионго ырайым кыл. Иерусалим дубалдарын кайра тургуз.
21Ошондо адилеттик курмандыктары, тартуулар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар Сага жагымдуу болот. Ошондо Сенин курмандык чалынуучу жайыңда букачарларды курмандыкка чалышат.