Забур 51:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына.

2Эдомдук Дойек Шабулга келип: «Дөөт Акимелектин үйүнө келди», – деп билдиргенден кийинки Дөөттүн үйрөтүүсү.

3Зулум адам, эмнеге сен кыянат ишиң менен мактанып жатасың? Кудайдын ырайымы дайыма мени менен.

4Тилиң өлүмдү тилеп жатат, жаман ойлуу, сенин тилиң курч устарадай.

5Сен жакшылык кылганга караганда, жамандык кылганды жакшы көрөсүң, чындыкка караганда калп айтканды жакшы көрөсүң.

6Адамды өлтүрө турган ар кандай сөздөрдү, жалган сүйлөгөндү жакшы көрөсүң.

7Ошон үчүн Кудай сени таптакыр кыйратат, сени өзүңдүн турак-жайыңдан, тамырыңды тирүүлөр жашаган жерден сууруп алып ыргытат.

8Адил адамдар көрүп коркуп калышат. Сага күлүп, мындай дешет:

9«Мына бул адам Кудайга таянган эмес, тескерисинче, байлыгынын молдугуна таянган, кыянат иштери менен күч алган».

10Мен болсо Кудайдын үйүндөгү көгөрүп турган зайтун дарагындаймын. Кудайдын ырайымына ар дайым таянам.

11Кылган иштериң үчүн мен Сени түбөлүккө даңктайм жана Сенин ысымыңа таянам, анткени ыйыктарыңдын алдында Сенин ысымың жакшы.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>