Забур 52:1-7 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Yйлөмө аспап менен. Дөөттүн үйрөтүүсү.

2Акылсыз өз жүрөгүндө: «Кудай жок», – дейт. Алар бузулуп, жийиркеничтүү кылмыштарды кылышты. Жакшылык кылган бир да адам жок.

3Кудайды издеген акылдуу адам барбы же жокпу, көрүш үчүн, Кудай асмандан адам баласын карады.

4Бардыгы жолдон чыгышты, бардыгы бирдей жараксыз болуп калышты. Жакшылык кылган адам жок, бирөө да жок.

5Мыйзамсыз иш кылгандар, менин элимди нандай жегендер, Кудайды чакырбагандар, чын эле, акылына келишпейби?

6Алар коркунуч жок жерде коркушат, анткени Кудай сага каршы чыккандардын сөөктөрүн чачат. Сен аларды уяткарасың, анткени Кудай аларды четке каккан.

7Ким Сион тоосунан Ысрайылды куткарат? Кудай Өз элин туткундан өз жерине кайра алып келгенде, Жакып кубанат, Ысрайыл шаттанат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>