Забур 53:1-9 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен.

2Зуптуктар Шабулга келип: «Дөөт биздин жерде жашынып жатат», – дешкенден кийинки Дөөттүн үйрөтүүсү.

3Кудай! Мени Өзүңдүн ысымың үчүн сакта, мага Өзүңдүн күчүң менен өкүм чыгар.

4Кудай! Менин сыйынуумду ук, менин оозуман чыккан сөздөргө кулак сал.

5Анткени жат эл мага каршы чыкты, зулумдар мени өлтүрүүнү каалап жатышат. Алар Кудайдын алдына келүүнү каалашпайт.

6Кудай менин жардам берүүчүм. Теңир менин жаныма күч берет.

7Ал менин душмандарымды кыянаттыгы үчүн жазалайт. Аларды Өз чындыгың менен кырып сал.

8Мен Сага чын жүрөктөн курмандык чалам. Сенин ысымыңды даңктайм, Теңир, анткени Сенин ысымың жакшы.

9Анткени Сен мени бардык кайгыдан куткардың, көздөрүм душмандарыма тике карады.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>