1Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Дөөттүн үйрөтүүсү.
2Оо Кудай, менин сыйынуумду ук, менин жалбарган үнүмдү укпай койбо.
3Мени тыңша, мага кулак сал. Кайгыдан кыйналып онтоп жатам,
4душмандын үнүнөн, кудайсыздын кысымынан коркуп жатам. Анткени алар мага каршы мыйзамсыз иштерди жасап жатышат, каарданып, кастык кылып жатышат.
5Жүрөгүм титиреп жатат, мени өлүм коркунучу каптады.
6Мени коркунуч менен калтырак басты, үрөйдү учурган коркунуч каптады.
7Ошондо мен мындай дедим: «Ким мага көгүчкөндүкүндөй канат берет? Мен учуп чыгып, тынч алар элем.
8Алыска учуп кетип, ээн чөлдө жашар элем.
9Куюндан, бороондон жашынганга шашылар элем».
10Теңир, аларды талкала, аларды ар кандай тилдерге бөл, анткени мен шаарда болуп жаткан зордук-зомбулукту, чыр-чатакты көрүп жатам.
11Алар күн-түн дебей, шаар дубалдарын айланып жүрүшөт. Шаар ичинде – кыянатчылык менен кыйынчылык.
12Анын дал ортосунда – бүлгүн-чапкын. Шаардын көчөлөрүнөн алдамчылык менен эки жүздүүлүк кетпейт.
13Анткени мени шылдыңдап жаткан адам душманым эмес, аны мен көтөрмөкмүн. Мага менменсинип жаткан адам мени жек көргөн адам эмес, андан мен качып кутулмакмын:
14бирок ошол сенсиң, жандай көргөн досум, жакын адамым.
15Сен экөөбүз чын жүрөктөн сырдашчу элек, Кудайдын үйүнө бирге барчу элек.
16Алардын түбүнө өлүм жетсин, алар өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй түшсүн, анткени алардын үйүндө, алардын арасында кыянаттык бар.
17Ал эми мен Кудайды чакырам, ошондо Теңир мени куткарат.
18Эртең менен да, түштө да, кечинде да жалынып жалбарам, ошондо Ал менин үнүмдү угат.
19Ким менин жанымды мага каршы чыккандардан тынчтык менен куткарат, анткени мага каршылар көп.
20Кылымдардан бери тактыда отурган Кудай угуп, аларды моюн сундурат, анткени аларда эч өзгөрүү жок, алар Кудайдан коркушпайт.
21Алар өздөрү менен тынч жашагандарга кол салып, өздөрүнүн келишимин бузушту.
22Алардын ооздору майдан да жумшак, бирок жүрөктөрүндө – кастык. Сөздөрү зайтун майынан да жумшак, бирок өздөрү – кындан суурулган кылыч.
23Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт.
24Кудайым, Сен аларды өлүм оруна түшүрөсүң, канкорлор менен кара ниеттер өмүрүнүн жарымын да жашабайт. Ал эми мен, Теңир, Сага гана таянам.