Забур 55:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Жат элдин арасында үндөбөгөн көгүчкөн жөнүндө. Дөөттүн пелиштиликтер Гатта кармап алганда жазган жазуусу.

2Ырайым кыл мага, Кудайым! Анткени мени жуткусу келген адам күнүгө мага кол салып, кысымга алып жатат.

3Мени душмандарым жуткусу келип, ар күнү издеп жүрүшөт. Анткени мага каршылар өтө көп, кудуреттүү Теңир!

4Мени коркунуч басканда, Сага таянам.

5Мен Кудайды сөзү үчүн даңктайм. Кудайга таянам, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?

6Ар күнү менин сөздөрүмдү тескери буруп алышат; алар мага каршы жамандык ойлошот:

7топтошуп, бекинип, менин жанымды тузакка түшүрүш үчүн, баскан изимди аңдышат.

8Кантип эле алар өздөрүнүн жалган иштери үчүн жазадан кутулуп кетишсин? Кудай, каарың менен бул элдерди талкала.

9Менин жер кезип жүргөн күндөрүм Сенде эсептелүү. Көз жашымды Өз идишиңе куй. Алар Сенин китебиңде жазылган эмеспи?

10Мен Сени чакырганда, душмандарым артына качышат. Кудай мен тарапта экенин ошондон билем.

11Мен Кудайды сөзү үчүн даңктайм, мен Теңирди сөзү үчүн даңктайм.

12Кудайга таянам, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?

13Сага берген убадаларымды аткарам, Кудайым; Сага ыраазычылыгымды билдирем,

14анткени Сен менин жанымды өлүмдөн куткардың, Кудайдын алдында, тирүүлөрдүн арасында жүрүшүм үчүн, бутумду да мүдүрүлткөн жоксуң.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>