Забур 56:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Дөөттүн Шабулдан үңкүргө качып барганда жазган жазуусу.

2Ырайым кыл мага, Кудайым, ырайым кыл мага, анткени менин жаным Сага таянат, кыйынчылык артта калганга чейин Сенин канатыңа корголой турайын.

3Мага ырайым кылуучу Кудайды, бардыгынан жогору турган Кудайды, чакырып жатам.

4Ал асмандан жардам жиберип, мени куткарат. Мени жутам деп издеп жүргөндү уятка калтырат. Кудай Өз ырайымын жана чындыгын жиберет.

5Менин жаным арстандардын арасында. Мен оозунан жалындаган от чыккандардын арасында, тиштери жебе менен найза болгон, тилдери жалаңдаган кылыч болгон адамдардын арасында жатам.

6Кудайым, даңкың асмандан да жогору көтөрүлсүн, Сенин даңкың бүт жер үстүндө болсун!

7Менин бутума тузак даярдап коюшту; жаным кыйналды. Алдыма аң казышты, бирок ага өздөрү түшүп калышты.

8Жүрөгүм даяр, Кудайым, жүрөгүм даяр: ырдаймын да даңктаймын.

9Ойгон, даңкым, арфа менен гусли, ойгон! Мен эрте турам.

10Теңирим, Сени элдердин арасында даңазалайм, Сени уруулар арасында даңктап ырдайм.

11Анткени Сенин ырайымың асманга чейин жетет, Сенин чындыгың булуттарга чейин жетет.

12Кудайым, даңкың асмандан да жогору көтөрүлсүн, Сенин даңкың бүт жер үстүндө болсун!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>