1Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Дөөттүн жазуусу.
2Чыны менен эле, чындыкты айтып жатасыңарбы, силер, соттор; адилет соттоп жатасыңарбы, адам уулдары?
3Жүрөгүңөрдө мыйзамсыздык кылып жатасыңар, жерде колуңар менен кылган кыянат иштерди таразага коюп жатасыңар.
4Кудайсыздар төрөлгөндөн баштап эле түз жолдон чыгышат, энесинин курсагынан чыккандан тартып эле жалган айтып адашышат.
5Алардын уусу жыландын уусундай, кулагын жаап алган керең, уулуу жыландын уусундай.
6Ал арбоочунун сөздөрүн, эң эле мыкты арбоочунун арбоосун да укпайт.
7Кудай! Алардын оозундагы тиштерин талкала, арстандардын жаактарын сындыр, Теңир!
8Алар агын суудай агып жок болушсун, алар сынган жебелерге окшоп калышсын.
9Yлүлдөй болуп бараткан жеринен жок болушсун, бойдон түшкөн баладай, күндү көрбөй калышсын.
10Казаныңар күйүп жаткан тикенектин табын сезгенче, анын күйбөгөнүн да, күйгөнүн да куюн учуруп кетсин.
11Кудайдын алардан өч алганын көргөндө, адил адам кубанат, буттарын кудайсыздардын канына жууйт.
12Ошондо адам: «Чыны менен эле, адил адам өз жемишин алат! Жер үстүндө жазалай турган Кудай бар!» – дейт.