1Ырчылар тобунун башчысына. Шушан-Эдут күү аспабы менен. Yйрөнүү үчүн Дөөттүн жазуусу.
2Дөөттүн месопотамиялык Сирия жана собалык Сирия менен согушкандагы, Жойап кайрылып келе жатып, Туздуу өрөөнүндө он эки миң эдомдукту кыйратканда жазган жазуусу.
3Оо Кудай! Сен бизди четке кактың, бизди талкаладың, бизге каардандың. Эми бизди кайра тургуз.
4Сен жерди титиретип, жарака кетирдиң. Анын бузулган жерлерин айыктыр, анткени ал титиреп жатат.
5Сен Өз элиңдин башынан оор күндөрдү өткөрүүсүнө жол бердиң, бизди баш айланта турган шарабыңа тойгуздуң.
6Кудайдан корккондорго тууңду бер, алар аны чындык үчүн көтөрсүн.
7Сенин жакшы көргөндөрүң куткарылсын. Мени Өзүңдүн оң колуң менен куткар, мени ук.
8Кудай Өзүнүн ыйык жайында мындай деди: «Жеңишке жетем, Шекемди бөлөм, Сукот өрөөнүн өлчөйм.
9Гилат да, Менаше да Меники, Эпрайым – Менин башымдагы туулга, Жүйүт Менин бийлик таягым.
10Маап Менин жууна турган чылапчыным. Эдомго өтүгүмдү сунам. Пелишти жерин жеңип, салтанат менен чыгам!»
11Ким мени бекем чептүү шаарга киргизет? Ким мени Эдомго жеткирет?
12Кудайым, Сен бизди таштап койдуңбу? Кудайым, биздин аскерлер менен согушка чыкпайсыңбы?
13Бизге кысталышта жардам бер, анткени адамдын жардамы – курулай убаракерчилик.
14Кудай менен күчтүүбүз, Ал душмандарыбызды кулатат.