Забур 6:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Сегиз кылдуу аспап менен. Дөөттүн забуру.

2Оо Теңир! Мени ачууланып ашкерелебе, мени каарданып жазалаба.

3Ырайым кыл, Теңир, анткени мен алсызмын. Айыктыр мени, Теңир, анткени сөөктөрүм титиреп жатат.

4Жаным да аябай кыйналып турат. Оо Теңир, мага качан жеңилдик бересиң?

5Мага назар сал, Теңир, жанымды куткар, мени Өзүңдүн ырайымың боюнча сакта.

6Анткени өлгөндөр Сени эскербейт. Көрдө ким Сени даңазалайт?

7Yшкүрө берип, аябай чарчадым. Жаткан жеримди ар түнү көз жашым менен жууйм, төшөгүмдү көз жашка чылайм.

8Кайгыдан көздөрүм соолуду, бүт душмандарымдын айынан көздөрүм тунарып калды.

9Мыйзамсыз иш кылгандар, баарыңар менден оолак болгула, анткени Теңир менин ыйымды укту.

10Теңир жалынуумду укту, Теңир сыйынуумду кабыл кылат.

11Менин бүт душмандарым шылдың болуп, аёосуз кыйратылышсын. Артка качып, күтүлбөгөн жерден уятка калышсын.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>