1Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспап менен. Дөөттүкү.
2Кудай, менин зар-муңума кулак сал, сыйынуумду ук.
3Жүрөгүм кайгыга чөгүп жаткандыктан, мен Сени жердин түбүнөн чакырып жатам. Мени өзүм чыга албай турган аскага чыгар.
4Анткени Сен менин баш калкалар жайымсың, Сен менин душмандан коргогон бекем мунарамсың.
5Мен Сенин үйүңдө түбөлүк жашайын, Сенин канатыңдын астында тынч алайын.
6Анткени Сен, Кудайым, менин убадаларымды уккансың, Сенин ысымыңдан корккондорго үлүш бергенсиң.
7Падышанын күндөрүнө күн кош, анын жылдарын муундан муунга улант.
8Ал Кудайдын алдында түбөлүк болсун. Аны Өзүңдүн ырайымың жана чындыгың менен сакта.
9Ошондо мен Сенин ысымыңды түбөлүккө даңктап ырдайм, убадаларымды күн сайын аткарам.