1Жедутундуку боюнча. Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2Менин жаным Кудайдан гана тынчтык табат. Мени Ал гана куткарат.
3Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.
4Качанкыга чейин жалгыз адамды куугунтуктай бересиңер? Баарыңар урайын деп калган дубалга, кыйшайып калган тосмого окшоп жерге кулайсыңар.
5Алар аны тактыдан кулатууну ойлоп, жалаа жабышты. Алар оозу менен бата беришет, бирок жүрөгүндө каргашат.
6Жаным, Кудайдан гана тынчтык тап! Анткени мен бир гана Андан үмүт кылам.
7Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.
8Менин куткарылуум да, даңкым да Кудай. Менин бекем чебим да, баш калкалар жайым да Кудай.
9Адамдар! Ар убакта Кудайдан үмүттөнгүлө. Жүрөгүңөрдөгүнү Анын алдына төккүлө, анткени Кудай биздин баш калкалар жайыбыз.
10Адам уулдары – болгону, жел; атактуу адамдар – закым. Эгерде аларды таразага тартса, баары биригип желден жеңил.
11Талоончулукка таянбагыла, уурдап алганыңар менен менменсинбегиле. Байлыгыңар көбөйгөн сайын, жүрөгүңөр байлыкка байланбасын.
12Кудай мага бир жолу айтты, мен эки нерсени: күч Кудайда экенин,
13ырайым да Сенде экенин уктум, Теңир, анткени Сен ар бир адамга ишине жараша тиешелүүсүн бересиң.