1Дөөттүн Жүйүт чөлүндө жүргөндөгү забуру.
2Кудай! Сен менин Кудайымсың, Сени таң сүргөндөн баштап эле издей баштайм. Менин жаным Сени эңсейт, какшыган, суусуз ээн жерде денем Сени көксөйт.
3Сенин күчүң менен даңкыңды көрүү үчүн, мен Сени ыйык жайда карадым.
4Анткени өмүргө караганда Сенин ырайымың артык, оозум Сени даңктайт.
5Сени өмүрүм өткөнчө ушинтип мактайм. Сенин ысымың үчүн колумду жогору көтөрөм.
6Төшөгүмдө жатып Сени эстегенде, түн ичинде Сен жөнүндө ойлогондо,
7менин жаным майга жана зайтун майына тойгонсуп, оозум Сени кубанычтуу үн менен даңктайт.
8Анткени Сен менин жардам берүүчүмсүң, мен Сенин канатыңдын далдаасында шаттанам.
9Жаным Сага байланды. Сенин оң колуң мени колдоп турат.
10Ал эми мени өлтүргүсү келгендер өлгөндөр жаткан жайга түшүшөт.
11Аларды кылычтап өлтүрүшөт, алар чөөлөргө жем болушат.
12Падыша болсо Кудайдан кубаныч алат, Кудай менен ант бергендер даңкталышат, анткени жалган сүйлөгөндөрдүн жаагы жап болот.