1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2Кудай, сыйынуумду ук, өмүрүмдү душмандын коркутуусунан сакта!
3Мени бузукулардын арам ойлорунан, зулумдардын козголоңунан жашыр.
4Алар тилдерин кылычтай курчутуп, заар сөздөрүн жебедей тартып турушат.
5Күнөөсүздү жашыруун атып өлтүрүшөт, аны күтүлбөгөн жерден атышат, коркуп да коюшпайт.
6Алар арам ойлорун ишке ашыруу үчүн бекем турушат, жашыруун тузак салууну кеңешишет. «Ким көрмөк эле?» – дешет.
7Жалган нерселерди ойлоп таап, талдоо артынан талдоо жүргүзүп, атүгүл, адамдын ички дүйнөсүнө чейин, жүрөгүнүн түпкүрүнө чейин изилдешет.
8Бирок Кудай аларды жебе менен кыйратат. Алар күтүлбөгөн жерден өлүшөт.
9Алар өздөрүнүн тили менен өздөрүн кыйратышат. Аларды көргөндөрдүн баары качып кетишет.
10Адамдардын баары коркуп, Кудайдын иштерин жарыя кылышат, бул Анын иши экенин түшүнүшөт.
11Ал эми адил адам Теңирден кубаныч алат, Андан баш калкалар жай табат. Жүрөгү тазалардын баары Аны менен мактанышат.