1Ырчылар тобунун башчысына. Ырдоо үчүн Дөөттүн забуру.
2Кудайым, Сиондогу даңк Сага таандык, Иерусалимде Сага убада беришет.
3Сен сыйынууну угасың, ар бир адам Сага чуркайт.
4Мыйзамсыз иштер мени кыйнап жатат. Кылмыштарыбызды Сен Өзүң тазалайсың.
5Сен тандап алган, Өзүңдүн корооңдо жашашы үчүн, Өзүңө жакындаткан адам бактылуу. Биз Сенин үйүңдүн, Сенин ыйык ийбадатканаңдын баталарына тоёбуз.
6Адилет сотто коркунучтуу болгон Кудай, бизге кулак сал. Биздин Куткаруучубуз, төгөрөктүн төрт бурчунун, алыскы деңиздегилердин таянычы Сенсиң.
7Өз күчү менен тоолорду тургузган, кудурет менен курчанган,
8деңиздердин шоокумун, алардын толкундарын, элдердин козголоңдорун токтоткон Сенсиң!
9Сенин жышаандарыңдан бүт жер жүзүндө жашагандар коркушат. Эртең менен да, кечинде да Өзүң даңкталасың.
10Жерге түшүп, анын суусунун кандырасың, аны мол түшүмгө байытасың. Сенин дарыяларың сууларга толгон, жерден дан бересиң, анткени жерди ошондой кылып жараткансың.
11Анын бороздорун кандырасың, өңгүл-дөңгүл жерлерин түздөйсүң, жамгыр суусу менен жибитесиң, өсүмдүктөрүнө батаңды бересиң.
12Жылды берекеңе бөлөйсүң, Сен баскан жерлерден май төгүлүп турат.
13Чөлдөрүңөн май төгүлөт, адырлар кубанычка бөлөнүшөт.
14Жайыттар малга, өрөөндөр данга толуп, бардыгы шаттанып ырдашат.