1Ырчылар тобунун башчысына. Ыр. Забур. Бүт жер жүзү, Кудайды даңазала!
2Анын ысымын даңктап ырда, Аны даңкта, макта.
3Кудайга мындай дегиле: «Сенин иштериң кандай коркунучтуу! Сенин күчүң зор, ошондуктан Сага душмандарың багынат.
4Бүт жер жүзү Сага таазим кылып, Сени мактап ырдасын, Сенин ысымыңды даңктап ырдасын».
5Келгиле, Кудайдын иштерин көргүлө, Анын адам баласына кылган иштери коркунучтуу.
6Ал деңизди кургактыкка айлантты. Дарыядан жөө өтүштү. Ошол жерде биз Аны менен кубанганбыз.
7Ал Өз кудурети менен түбөлүк бийлик жүргүзөт. Анын көздөрү элдерди карап турат, козголоңчулар көтөрүлүшпөсүн.
8Элдер, биздин Кудайды даңктагыла, Анын даңкын жар салгыла.
9Ал биздин өмүрүбүздү сактап калды, бутубуздун тайышына жол берген жок.
10Кудай, Сен бизди сынадың, бизди күмүштү эриткендей эриттиң.
11Сен бизге тузак тарттың, башыбызга алаамат түшүрдүң.
12Адамдарды башыбызга чыгардың. Биз отко да, сууга да кирдик, анан Сен бизди азаттыкка алып чыктың.
13Мен Сенин үйүңө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен кирип, Сага берген убадаларымды аткарам.
14Алар менин башыма кыйынчылык түшкөндө, өз оозумдан чыккан, аларды мен өз тилим менен айткам.
15Кочкорлордун майларын өрттөп, мен Сага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалам, өгүздөр менен текелерди курмандыкка чалам.
16Кудайдан корккондор, баарыңар келип уккула, Ал менин жаным үчүн эмне кылгандыгын силерге жарыя кылам.
17Мен Аны өз оозум менен чакыргам, Аны өз тилим менен мактагам.
18Эгерде мен жүрөгүмдөн мыйзамсыздыкты көргөн болсом, анда Теңир мени укмак эмес.
19Бирок Кудай укту, менин жалынган үнүмө кулак салды.
20Менин сыйынуумду четке какпаган, мени Өз ырайымынан ажыратпаган Кудайга алкыш!