1Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Забур. Ыр.
2Кудай! Бизге ырайымдуу бол, бизге батаңды бер, бизди Өз жүзүң менен жарык кыл.
3Бүт жер жүзү Сенин жолуңду таанып билсин, бардык элдер Сенин куткарууңду көрүшсүн.
4Кудайым, Сени элдер даңктасын, Сени бардык элдер даңктасын!
5Уруулар кубанып шаттансын! Анткени Сен элдерди адилет соттоп, бүт жер жүзүндөгү элдерди башкарасың.
6Кудайым, Сени элдер даңктасын, Сени бардык элдер даңктасын!
7Жер өз жемишин берди: Кудай, биздин Кудай, бизге батасын берсин.
8Бизге Кудай батасын берсин, бүт жер жүзү Кудайдан корксун!