Забур 67:1-36 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Ыр.

2Кудай ордунан турсун, Анын душмандары чабылып-чачылсын, Аны жек көргөндөр Анын жүзүнөн качсын!

3Аларды түтүн тарагандай тарат. Кудайсыздар Сенин жүзүңдөн отто эриген момдой эрип жок болушсун.

4Ал эми адил адамдар Кудай алдында шаттыкка бөлөнүшсүн, жеңишке жетип кубанышсын.

5Биздин Кудайга ырдагыла, Анын ысымын мактап ырдагыла, асмандан салтанат менен Келе Жатканды даңктагыла! Анын ысымы – Жахаба. Анын алдында шаттангыла!

6Өзүнүн ыйык жайындагы Кудай – жетимдердин Атасы, жесирлердин коргоочусу.

7Кудай жалгыздарды үйгө киргизет, туткундарды кишенден бошотот, ал эми баш ийбегендер ысык чөлдө калат.

8Кудайым! Сен Өз элиңдин алдына чыкканда, Сен чөлдө салтанат менен бара жатканда,

9жер титиреген, ал тургай, Сенин жүзүңдөн асман эриген, мына бул Синай тоосу да Ысрайыл Кудайы болгон Сенин жүзүңдөн эриген.

10Оо Кудай, Сен Өз мурасыңа жамгырды мол жаадыргансың, ал жумуштан алсыраганда, Өзүң күч берип тургансың.

11Сенин элиң ал жерде жашаган. Кудайым, Сен Өз ырайымың менен жардыга керектүүсүн берип тургансың.

12Теңир сөз айтат, аны көп адамдар жар салат.

13Кошуундардын падышалары качып бара жатышат, ал эми үйдө отурган аял олжону бөлүп жатат.

14Өз үлүшүңөргө тийген жерлерге отурукташып, канаты күмүш, жүндөрү таза алтын көгүчкөнгө окшоп калдыңар.

15Кудуреттүү Кудай бул жерге падышаларды чачып жибергенде, жер Салмон тоолорундагы кардай агарды.

16Кудайдын тоосу – Башан тоосу! Бийик тоо – Башан тоосу!

17Бийик тоолор, Кудай Өзү жашагысы келген, Теңир Өзү түбөлүк жашай турган тоого эмне үчүн көз артып жатасыңар?

18Кудайдын арабалары миң-миңдеп саналат, сан жеткис. Теңир алардын арасында, Синайдагы ыйык жайда.

19Сен бийиктикке чыктың, туткундоону туткундадың, адамдар үчүн тартууларды алдың. Кудай-Теңирге каршы чыккандар да Ага табынышат.

20Ар күнү Теңир даңкталсын. Кудай биздин башыбызга кыйынчылык салат, бирок кайра эле Өзү куткарат.

21Кудай биз үчүн – куткаруучу Кудай, өлүм күчтөрү бардыгын кармап туруучу Теңирдин бийлиги астында.

22Бирок Кудай Өз душмандарынын башын талкалайт, мыйзамсыз иш кылууну адат кылып алган адамдардын чачтуу төбөсүн талкалайт.

23Теңир мындай деди: «Мен аларды Башан тоосунан кайра алып келем, деңиз түбүнөн кайра чыгарып алам.

24Сен бутуңду душмандарыңдын канына маласың, иттериң алардын канын жалашат».

25Кудайым, алар Сенин салтанат менен келе жатканыңды, алар менин Кудайымдын, Падышамдын ыйык жайга салтанат менен келе жатканын көрүшкөн.

26Алды жакта ырдагандар, арт жакта ар кандай аспап черткендер, ал эми ортодо кыздар дап кагып келе жатышты:

27«Ысрайыл уруусунан тарагандар, жыйындарда Кудай-Теңирди даңктагыла!»

28Ал жерде кенже Бенжемин – алардын төрөсү. Жүйүт төрөлөрү, Забулун төрөлөрү, Напталы төрөлөрү – алардын өкүмдарлары.

29Сенин Кудайың сага күч берди. Кудайым, Сен биз үчүн эмне кылсаң, ошону бекемде!

30Сенин Иерусалимдеги ийбадатканаң үчүн падышалар Сага тартууларды алып келишет.

31Камыштын арасында жашаган жырткычты, элдин букачарларынын арасында куйма күмүштөрү менен мактанган өгүздөрдү баш ийдир. Согушту каалаган элдерди чачыратып жибер.

32Мисирден мырзалар келишет. Эфиопия колдорун Кудайга созот.

33Жердеги падышачылыктар! Кудайга ырдагыла, Теңирди даңктап ырдагыла.

34Асмандын асманында кылымдан кылымга салтанат менен жүргөн Кудайды даңктагыла! Мына, Ал Өз үнүн катуу чыгарып жатат.

35Кудайды даңктагыла! Анын улуулугу Ысрайылдын үстүндө, Анын кудуреттүүлүгү булуттардын үстүндө.

36Кудайым, Сен Өзүңдүн ыйык жайыңда коркунучтуусуң. Ысрайыл Кудайы Өз элине күч-кубат берет. Кудайга даңк!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>