Забур 68:1-37 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним күү аспабы менен. Дөөттүн забуру.

2Кудай, мени куткар, анткени суулар менин жаныма чейин жетти.

3Мен терең сазга батып калдым, бут коёрго жер жок. Суунун терең жерине кирдим, суунун шар агымы мени аласалдырып бара жатат.

4Жардам сурагандан чарчадым, тамагым да кургап калды, Кудайымды күтө берип, көзүм талыды.

5Мени себепсиз эле жек көргөндөр башымдагы чачымдан көп. Мени адилетсиз куугунтукка алган душмандарым күчөп кетти, мен алардын эч нерсесин тартып албасам да беришим керек экен.

6Оо Кудай! Сен менин акылсыздыгымды билесиң, менин күнөөм Сенден жашыруун эмес.

7Теңирим, Себайот Кудай, Сенден үмүт кылгандардын баары мен үчүн уят болушпасын. Ысрайыл Кудайы, Сени издегендер мен үчүн шылдың болушпасын.

8Анткени мен Сен үчүн жаманатты болуп жатам, бетиме көө жаап жатышат.

9Өз бир туугандарыма жат киши болуп калдым, өз энемдин балдарына бөтөн болуп калдым.

10Анткени Сенин үйүңө болгон кызганыч мени жеп жатат, Сага тил тийгизгендердин суук тили мага тийип жатат.

11Мен ыйлап орозо кармадым. Ушул үчүн да мени жамандап тилдешет.

12Кийим ордуна зумбал кийсем, алар мени лакап кылып алышты.

13Дарбаза жанында отургандар мени кеп кылып жатышат, шарап ичип отургандар мени ырга кошуп ырдап жатышат.

14Бирок, Теңирим, мен Сага сыйынам. Кудайым, мени жакшы убакта Өзүңдүн эбегейсиз ырайымың менен, куткаруучу чындыгың менен ук!

15Чөгүп кетпейин, мени сормо саздан сууруп чык. Жек көргөндөрдөн жана терең суулардан кутулайын.

16Мени суу ташкыны агызып кетпесин, суунун ирими мени жутуп албасын, үстүмдөгү туңгуюк өзүнүн оозун жаап салбасын.

17Мага кулак сал, Теңирим, анткени Сенин ырайымың жакшы. Өзүңдүн улуу ырайымың менен мага назар сал.

18Өз кулуңдан жүзүңдү жашырба, анткени мен кайгыга малындым. Мага кечиктирбей жооп бер.

19Жаныма жакын кел, жанымды куткар. Мени душмандарым үчүн куткар.

20Менин шылдың болгонумду, уят болгонумду, жаманатты болгонумду билесиң. Душмандарымдын баары Сага белгилүү.

21Шылдың сөздөрү жүрөгүмдү оорутту, алсырап калдым. Бирөө кайгыма ортоктош болор бекен деп күттүм, бирок андай болбоду; сооротуучуларды күттүм, бирок таба албадым.

22Тамакка өт кошуп беришти, суусаганымда, ачуу ичимдик ичиришти.

23Дасторкону өздөрүнө тор болсун, тынч өткөргөн тойлору өздөрүнө тузак болсун.

24Алардын көздөрү караңгылап көрбөй калсын, алардын белин түбөлүккө алсырат.

25Аларга каарыңды төк, аларды каарыңдын жалыны каптасын.

26Yйлөрү аңгырап бош калсын, чатырларында эч ким жашабасын.

27Анткени Сен жарадар кылганды алар да куугунтукка алышат. Сен жаралагандардын азаптарын арбытып жатышат.

28Алардын күнөөсүнө күнөө кош, Сен аларды актаба.

29Алар тирүүлөрдүн китебинен өчүрүлсүн, алардын аты адил адамдардын аттары менен бирге жазылбасын.

30Мен болсо жардымын, азап тартып жатам, Кудайым, Сен мага жардам берип бекемде.

31Мен өз Кудайымдын ысымын даңктап ырдайм, Аны даңазалайм.

32Бул өгүзгө караганда, мүйүздүү жана туяктуу букачарга караганда Теңирге көбүрөөк жагат.

33Муну запкы тарткандар көрүп кубанышат. Кудайды издегендердин жүрөктөрү жанданат.

34Анткени Теңир жакырларды угат, Өз туткундарын жек көрбөйт.

35Аны асман менен жер, деңиз жана анда жашагандардын бардыгы даңктасын.

36Анткени Кудай Сион тоосун куткарат, Жүйүт шаарларын кайра тургузат, ошондо алар ал жерлерге отурукташышат, ал жерлерди ээлеп алышат.

37Анын кулдарынын укум-тукуму ал жерди мурастайт, Анын ысымын сүйгөндөр ал жерге отурукташышат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>