Забур 69:1-6 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Эске түшүрүү үчүн.

2Кудайым, мени куткарууга шашыл; Теңирим, мага жардамга шашыл!

3Мени өлтүргүсү келгендер шылдың болушсун, уятка калышсын! Мага жамандык каалагандар артка качып, күлкү болушсун!

4Мени: «Ии-и! Ии-и!» – деп табалагандар уят болуп, мени кордогону үчүн артка кайтышсын.

5Сени издегендер, куткарууңду сүйгөндөр кубанып, шаттанып: «Кудай улуу!» – деп, дайыма айтышсын.

6Мен болсо жардымын жана жакырмын. Кудай, мага шашыл! Сен менин жардам берүүчүмсүң, куткаруучумсуң. Оо Теңир! Кечиктирбей кел!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>