Забур 7:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Бенжемин тукумунан чыккан Куштун иши боюнча Дөөттүн Теңир алдында зарлаган ыры.

2Теңирим, Кудайым, мен Сага таянам. Мени куугунтукка алгандардан куткар, мени ошолордон сакта.

3Алар мени куткаруучу жок кезде арстан өңдүү тытып, жанымды сууруп алышпасын.

4Теңирим, Кудайым! Эгер мен бир жаман иш кылган болсом, колумда жалган иш болсо,

5эгер мени менен тынч жашаган адамга жамандык кылган болсом (мага эч себепсиз душман болгон адамды да куткаргам),

6анда мени душман кууп жетип, өмүрүмдү тебелеп, даңкымды күлгө айлантып салсын.

7Теңир, каарың менен ордуңан тур, душмандарымдын жаалына каршы чык; мен үчүн ойгонуп, Өз өкүмүңдү чыгар, аны Өзүң осуят кылгансың.

8Сенин тегерегиңе топ эл жыйылат, алардын үстүнөн жогору көтөрүл.

9Теңир элдерди соттойт. Теңирим, мага чынчылдыгым, күнөөсүздүгүм боюнча өкүм чыгар.

10Кудайсыздардын кыянаттыктары токтосун, адил адамга болсо күч бер, анткени Сен жүрөктөрдү, ички ойлорду сынайсың, адилеттүү Кудай!

11Менин калканым – таза жүрөктөрдү куткаруучу Кудай.

12Кудай – адилеттүү сот, Ал – ар күнү катуу жазалоочу Кудай.

13Эгерде ким кайрылбаса, Ал кылычын курчутуп, жаасын мээлеп тартат.

14Ал үчүн өлтүрүүчү куралдарды даярдайт, Өзүнүн жебелерин оттуу кылат.

15Мына, кудайсыз адам жамандык сээп, куру нерсени багып, жалганды жыйнап алды.

16Бирөөгө казган оруна өзү түштү.

17Анын кылган жамандыгы өз башына көрүнөт, анын кылган кыянаттыгы төбөсүнө түшөт.

18Мен Теңирди чындыгы үчүн даңктайм, бардыгынан жогору турган Теңирдин ысымын мактап ырдайм.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>