1Мен Сага таянам, Теңирим, түбөлүккө уятка калбайм.
2Мени Өз адилеттигиң менен куткар, мени бошот. Мага кулак сал, мени куткарып кал.
3Мен ар дайым жашына ала турган бекем чеп бол. Мени куткарууну Өзүң буйругансың, анткени Сен менин аска-зоомсуң, коргонор сепилимсиң.
4Оо Кудай, мени кудайсыздын, мыйзамсыздын, тоноочунун колунан куткар.
5Анткени Сен менин үмүтүмсүң, Теңирим, Кудайым, жаш кезимден бери Сен менин таянычымсың!
6Энемдин курсагында жатканымда эле Сага таянчумун. Мени энемдин курсагынан Өзүң чыгардың. Сени тынбай даңктайм.
7Көпчүлүк үчүн мен таң калтырарлык жан болдум, бирок Сен менин бекем үмүтүмсүң.
8Сенин улуулугуңду ар күнү даңазалап ырдаш үчүн, оозум мактоо ырларына толсун.
9Картайганымда, менден баш тартпа, алдан-күчтөн тайыганымда, мени таштап салба.
10Анткени душмандарым мага каршы сүйлөшүшөт, мени өлтүргүсү келип аңдып тургандар өз ара кеңешип жатышат.
11«Кудай аны таштап салды, артынан түшүп кармап алгыла, анткени анын куткаруучусу жок», – дешет.
12Кудай! Менден алыстаба. Кудай! Мага тезирээк жардам бер.
13Мага душман болгондор уятка калып жок болушсун. Мага жамандык издегендер шылдың болуп, абийири төгүлсүн.
14Мен болсо ар дайым Сенден үмүттөнөм, Сени кайра-кайра даңктай берем.
15Менин оозум ар күнү Сенин чындыгыңды, Сенин улуу иштериңди жарыя кылат, мен аларды санай албайм.
16Теңирдин кудурети жөнүндө ойго батам. Сенин чындыгыңды, бир гана Сенин чындыгыңды эске салам.
17Оо Кудай! Мени жаш кезимден бери үйрөтүп келе жатасың, азыркыга чейин Сенин кереметтериңди жарыя кылып келе жатам.
18Кудайым, мени карыганымда да, чачым агарганда да калтырба. Сенин күчүңдү ушул тукумга, Сенин кудуретиңди келе жаткан тукумга жарыя кылганча, мени таштаба.
19Оо Кудай, адилеттигиң асманга жетет, Сен улуу иштерди жасадың. Оо Кудай, Сага ким тең келе алат?
20Сен менин башыма оор кайгыны көп салдың, бирок кайрадан тирилтип алдың, жердин түбүнөн кайра чыгардың.
21Сен мени көтөрүп тургансың, мени сооротуп тургансың.
22Ошондуктан мен Сени, Кудайым, Сенин чындыгыңды арфа чертип даңктайм. Гусли менен Сени мактап ырдайм, оо Ысрайылдын ыйык Кудайы!
23Сен жөнүндө ырдап жатканда, оозум да, Өзүң куткарып алган жаным да кубанат.
24Менин тилим да ар күнү Өзүңдүн чындыгыңды жарыя кылат, анткени мага жамандык издегендер уятка калышты, шылдың болушту.