1Сулайманга. Оо Кудай! Падышага Өзүңдүн калыстыгыңды, падышанын уулуна Өз адилеттигиңди бер.
2Ал Сенин элиңди, жакырларыңды сотто адилет соттосун.
3Адамдарга тоолор тынчтык, адырлар чындык алып келсин.
4Ал элдин жакырларын туура соттосун, кедейлердин балдарын сактасын, зулумдарды тыйсын.
5Күн менен ай турганда, муундан муунга Кудайдан коркушсун.
6Ал чабылган шалбаага жааган жамгырдай жаасын, жер сугарган тамчылардай тамсын.
7Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт, асмандагы ай жок болгончо, тынчтык өкүм сүрүп турат.
8Ал деңизден деңизге чейинки жерди жана дарыядан жердин акырына чейинки аймактарды ээлейт.
9Анын алдына чөл эли жыгылып таазим кылат, анын душмандары топурак жалашат.
10Таршыш менен аралдардын падышалары ага алым беришет. Аравия жана Шеба падышалары тартууларды алып келишет.
11Ага бардык падышалар таазим кылышат, бардык элдер кызмат кылышат.
12Анткени ал жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды жана жардам берүүчүсү жок эзилгенди куткарат.
13Кедей менен жакырга ырайым кылат, байкуш кедейлердин жанын куткарат.
14Алардын жанын кара ниеттерден, зордук-зомбулуктан куткарат, анын көз алдында алардын каны кымбатка турат.
15Ал жашайт, ага Аравиянын алтындарын берип турушат, ал үчүн тынымсыз сыйынып турушат, ага ар күнү бата берип турушат.
16Жерде да, тоодо да түшүм мол болот. Анын жемиштери Лебанон токоюндай шуудурайт, шаарларда эл жердеги чөптөй көбөйөт.
17Анын ысымы түбөлүккө сакталат. Асмандагы күн жок болгончо, анын ысымы муундан муунга айтыла берет. Ал аркылуу элдер бата алышат. Бардык элдер ага алкыш айтышат.
18Кудай-Теңир, Ысрайылдын Кудайы, кереметтерди жасаган жалгыз Өзү даңктала берсин!
19Анын даңктуу ысымы даңкталсын, бүт жер жүзү Анын даңкына толсун. Оомийин, оомийин!
20Жышай уулу Дөөттүн сыйынуулары бүттү.