Забур 72:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Асаптын забуру. Кудай Ысрайылга, жүрөгү тазаларга кандай ырайымдуу!

2Менин бутум тайгаланып кете жаздады, таманым тайып кете жаздады.

3Анткени кудайсыздардын жыргал турмушун көрүп, акылсыздарга суктандым.

4Анткени алар өмүрүнүн аягына чейин азап тартышпайт, күч-кубаттуу.

5Алар башка адамдардай мээнет кылышпайт, башка адамдардай кыйынчылык көрүшпөйт.

6Ошондуктан алар текебердикти шурудай тагынып, зулумдукту кийимдей кийип алышкан.

7Семирип көздөрүн май басып калган, алардын жүрөгү ар кандай ойлорго толгон.

8Алар бардыгын кордошот, жалган ушак таратышат, менменсинип сүйлөшөт.

9Алардын ооздору асманга каршы сүйлөйт, тилдери жер үстүндө басып жүрөт.

10Ошондуктан Анын эли да аларды ээрчип, чөйчөк толо суу ичишет.

11Алар: «Кудай кантип билмек эле? Бардыгынан жогору турган Кудай баарын билеби?» – дешет.

12Ушул кудайсыздар бул дүйнөдө жыргап, байлыктарын көбөйтүп жатышат.

13«Анда мен жүрөгүмдү бекер эле тазаладымбы? Колумду айыпсыздыгым менен бекер эле жуудумбу?

14Күн сайын өзүмдү бекер эле жараладымбы, күнүгө эртең менен өзүмдү бекер эле ашкереледимби?»

15Бирок: «Мен ушундай ойлойм», – десем, анда Сенин уулдарыңдын тукумунун алдында күнөөкөр болмокмун.

16Муну кандай түшүнсө болот деп ойлодум,

17бирок бул мага Кудайдын ыйык жайына киргенге чейин жана алардын акыр аягын түшүнгөнгө чейин кыйын көрүндү.

18Сен аларды тайгак жолго койгонсуң, акыры түпсүз туңгуюкка кулатасың.

19Алар күтүлбөгөн жерден бүлгүнгө учурап, коркунучтардан өлүп жок болушту!

20Теңирим, Сен аларды түш көрүп жатып ойгонгондой кылып ойготосуң, ой-максаттарын талкалайсың.

21Жүрөгүм күйүп, ичим кайнап-бышып жатканда,

22мен акылсыз элем, түшүнчү эмес элем; сенин алдыңда мал сыяктуу элем.

23Бирок мен ар дайым Сени мененмин. Сен мени оң колумдан кармап турасың.

24Сен мени Өз кеңешиң менен жетектеп турасың, анан мени даңкың менен кабыл аласың.

25Асманда мага Сенден башка ким керек? Жерде да мага Сенден башка эч нерсенин кереги жок.

26Денем да, жүрөгүм да алсырады, бирок жүрөгүмдүн жөлөгү, түбөлүк үлүшүм – Кудай.

27Анткени Сенден алыстагандар өлүп жатышат; Өзүңдөн баш тарткандардын баарын Сен жок кылып жатасың.

28Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы! Кудай-Теңирди өзүмө баш калкалар жай кылдым. Сенин бардык иштериңди жарыя кылам.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>