1Асаптын үйрөтүүсү. Кудайым, эмнеге бизден биротоло баш тарттың? Эмнеге Өз жайытыңдагы койлорго каарың кайнады?
2Эзелтен бери Өзүңө алган, Өзүңө энчи кылып сатып алган элиңди, Өзүң жашаган Сион тоосун эсте!
3Түбөлүк урандыларды аралап өт. Душман ыйык жайдагы бардык нерселерди талкалады.
4Ыйык чогулуш өтчү жерде душмандарың чуу салып жүрүшөт. Биздин белгилерибиздин ордуна өз белгилерин коюп алышкан.
5Алар өздөрүн дарактардын чырмалышкан бутактарына балта көтөргөндөрдөй көрсөтүштү.
6Азыр да Сенин үйүңдөгү оюм-чийимдерди балталар менен, балкалар менен бир заматта кыйратышты.
7Алар Өзүңдүн ыйык жайыңды өрттөп жиберишти; Өзүңдүн ысымың турган үйдү таптакыр булгашты.
8Алар жүрөктөрүндө: «Буларды таптакыр талкалайбыз», – деп, Кудайдын жердеги ыйык жайларын бүт бойдон өрттөштү.
9Биз өзүбүздүн белгилерибизди көрбөй калдык, пайгамбарларыбыз да жок, арабызда бул канча убакытка созуларын билген киши да жок.
10Кудай, Сага качанга чейин акарат келтире берет? Душман Сенин ысымыңа дайыма эле тил тийгизе береби?
11Эмне үчүн Өзүңдүн колуңду, Өзүңдүн оң колуңду тартып алдың? Аларды Өзүңдүн жүрөгүңдөн сууруп алып, арабыздан жок кыл.
12Кудайым, жер ортосуна куткарылуу алып келген кылымдардан берки Падышам!
13Өз күчүң менен деңизди бөлдүң, суудагы жыландардын баштарын талкаладың.
14Сен лебийатандын башын талкалап, чөлдөгү адамдарга тамак кылып бердиң.
15Булак чыгарып, өзөндөрдү агыздың, шаркырап аккан дарыяларды соолуттуң.
16Күн да Сеники, түн да Сеники. Айды, жылдыздарды жана күндү Сен жараттың.
17Жердин чек араларын бөлдүң, кыш менен жайды жараттың.
18Ошондуктан эстегин: душман Теңирге тил тийгизип, акылсыз адамдар Сенин ысымыңды жек көрүп жатышат.
19Өз көгүчкөнүңдүн жанын жырткычтарга салып бербе, бечара элиңди таптакыр унутуп койбо.
20Өз келишимиңди кара, анткени жердеги караңгы жерлердин баары зордук-зомбулук жайына толуп кетти.
21Эзилген адам шылдың болуп кайтып келбесин, кедей менен жакыр Сенин ысымыңды даңктасын.
22Оо Кудай, ордуңдан туруп, Өз ишиңди корго, акылсыз адамдын Сени күн сайын шылдыңдаганын эсте.
23Душмандарыңдын кыйкырыгын унутпа. Сага каршы көтөрүлгөндөрдүн ызы-чуусу тынымсыз күчөп бара жатат.