Забур 74:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Асаптын забуру. Ыр.

2Сени даңктайбыз, Кудай, Сени даңктайбыз, анткени Сенин ысымың бизге жакын экенин Өзүң көрсөткөн кереметтер айгинелеп турат.

3«Убакытты тандап алгандан кийин, Мен адилет сот жүргүзөм.

4Жер титиреп жатат, анын үстүндө жашагандар да титиреп жатышат. Мен анын түркүктөрүн бекитем».

5Акылсыздарга: «Акылсыздык кылбагыла», кудайсыздарга: «Мүйүзүңөрдү көтөрбөгүлө», – дейм.

6«Мүйүзүңөрдү бийик көтөрбөгүлө, тоң моюндук кылып сүйлөбөгүлө», – дейм.

7Анткени жардам батыштан да, чыгыштан да, чөлдөн да келбейт.

8Бирок Кудай Өзү Сот: бирин басат, экинчисин көтөрөт.

9Анткени чөйчөк Кудайдын колунда, анын ичинде ар кандай ачыткыга толгон шарап көбүрүп-жабырып турат, Ал ушул чөйчөктөн куюп жатат. Жада калса, анын ачыткысын жер жүзүндөгү бардык кудайсыздар калтырбай ичишет.

10Мен болсо Жакыптын Кудайын түбөлүккө жар салам, мактап ырдайм.

11Бардык кудайсыздардын мүйүздөрүн сындырам, ошондо адил адамдардын мүйүздөрү көтөрүлөт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>