Забур 75:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Асаптын забуру. Ыр.

2Кудай Жүйүт аймагында белгилүү, Ысрайылда Анын ысымы улуу.

3Анын үйү Шалемде, жашаган жайы Сион тоосунда.

4Ал жерде Кудай жаанын жебелерин, калканды, кылычты, согуш куралдарын талкалады.

5Сен даңктуусуң, жырткыч тоолордон да күчтүүсүң.

6Эр жүрөктөр да жем болушту, түбөлүк уйкуга кетишти, күчтүү аскерлер да күчтөрүн жоготушту.

7Оо Жакыптын Кудайы, Сенин каарыңдан ат да, араба да түбөлүк уйкуга кетти.

8Сен өтө коркунучтуусуң. Сен каарданганда, ким туруштук бере алат?

9Асмандан өкүмүңдү жарыялаганда, жер коркконунан тынчып калды.

10Анткени Кудай жердеги эзилгендердин баарын куткаруу үчүн, сот жүргүзүү үчүн ордунан турду.

11Ошондо адамдардын каардануусу Сени даңктоого айланат, калган каарды да Өзүң тыясың.

12Кудай-Теңирге убадаларыңарды бергиле, аларды аткаргыла! Анын тегерегинде тургандар коркунучтуу Кудайга тартууларын алып келишсин.

13Ал төрөлөрдүн рухун баш ийдирет, жердеги падышалар үчүн Ал коркунучтуу.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>