1Ырчылар тобунун башчысына. Жедутундуку боюнча. Асаптын забуру.
2Yнүм Кудайга жетсин, жардам сурап кайрылам; үнүм Кудайга жетсин, Ал мени угат.
3Башыма кыйынчылык түшкөн күнү Теңирди издейм; түн ичинде сунулган колум түшпөйт; жаным тынчтангысы келбейт.
4Кудайды ойлоп титиреп жатам. Ойлоно берип, рухум алсырап бара жатат.
5Сен мага кирпик кактырбайсың, кыйналдым, сүйлөөгө дарманым жок.
6Байыркы күндөр жөнүндө, өтүп кеткен жылдар жөнүндө ойлоном.
7Түнкүсүн ырларымды эстейм, жүрөгүм менен сырдашам, рухум менин алдыма суроо коёт:
8“Чын эле, Теңир биротоло баш тарттыбы, мындан ары ырайым кылбайбы?
9Чын эле, Анын ырайымы биротоло токтодубу, Анын убада сөзү укумдан-тукумга жетпей үзүлдүбү?
10Чын эле, Кудай ырайым кылганды унуттубу? Чын эле, Ал ачуусу менен Өзүнүн боорукерлигин токтотуп койдубу?”
11Мен дагы: «Бардыгынан жогору турган Кудайдын оң колунун өзгөргөнү – менин кайгым», – дедим.
12Теңирдин иштерин эске салам. Сенин мурунку кереметтериңди эске салам.
13Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм, Сенин улуу иштериң жөнүндө ойлоном.
14Кудай! Сенин жолуң ыйык. Биздин улуу Кудайдай Кудай барбы?
15Сен укмуштарды жараткан Кудайсың. Өз кудуретиңди элдердин арасында айкын көрсөттүң.
16Сен Өзүңдүн кудуреттүү күчүң менен Өз элиңди, Жакып менен Жусуптун уулдарын куткардың.
17Кудайым, Сени суулар көрүштү, Сени суулар көрүп коркушту, туңгуюктар титирешти.
18Булуттар сууларын төгүп, асмандан күн күркүрөдү, Сенин жебелериң учту.
19Сенин добулуңдун үнү бүт асманга жаңырды, чагылган ааламды жарык кылды, жер солкулдап титиреди.
20Сенин жолуң деңизде жатат, Сенин чыйырың чоң сууларда жатат, Сенин изиңди эч ким таппайт.
21Өз элиңди Мусанын жана Арундун колу менен койлорду ээрчиткенсип ээрчитип жүрдүң.