1Асаптын үйрөтүүсү. Элим, менин мыйзамымды ук, менин оозумдан чыккан сөздөргө кулак сал.
2Менин оозумдан накыл сөздөр чыгат, өткөн заманда болгон окуяларды айтып берем.
3Уккандарыбызды, билгендерибизди, ата-бабаларыбыздын бизге айтып бергендерин баяндайм.
4Буларды балдарыбыздан жашырбайбыз, келе жаткан муунга Теңирдин даңкын, күчүн, көрсөткөн кереметтерин жарыя кылам.
5Ал Жакып үчүн мыйзам чыгарып, Ысрайыл үчүн мыйзам жазган, ошол мыйзамдарды биздин ата-бабаларыбызга балдарына айтып берүүнү осуят кылган.
6Аларды келе жаткан муун, төрөлө турган балдар билиши үчүн, убагы келгенде алар да өз балдарына айтып бериши үчүн,
7Кудайдан үмүт кылышы үчүн, Анын иштерин унутпашы үчүн, Анын осуяттарын сакташы үчүн,
8өздөрүнүн ата-бабаларындай, жүрөктөрү өзгөрбөгөн, руху менен Кудайга берилбеген, баш ийбес, кежир муун болбошу үчүн осуят кылган.
9Куралданган, жаа тарткан Эпрайым уулдары согуш болуп жаткан күнү артка качышты.
10Алар Кудайдын осуятын сакташкан жок, Анын мыйзамы боюнча жашоодон баш тартышты.
11Анын иштерин жана өздөрүнө көрсөткөн кереметтерин унутушту.
12Кудай алардын ата-бабаларынын көз алдында Мисир жеринде, Соан талаасында кереметтерди көрсөттү.
13Деңизди жара бөлүп, аларды ошол аркылуу өткөрдү, сууну дубалдай тургузду.
14Күндүз аларды булут менен, түнкүсүн от жарыгы менен алып жүрдү.
15Түпсүздүктөн суу чыгарып бергендей, чөлдө ташты жарып, алардын суусунун кандырды.
16Аскадан суу чыгарды, суу дарыядай акты.
17Бирок алар Анын алдында күнөө кыла беришти, чөлдө бардыгынан жогору турган Кудайды каарданта беришти.
18Өз жүрөктөрүндө Кудайды сынап, өздөрү каалаган тамакты талап кылышты.
19Кудайга каршы сүйлөп: «Чөлдө Кудай дасторкон даярдап бере алмак беле?» – дешти.
20Бирок ал ташты урганда, суу чыгып ага баштады. «Кудай нан бере алмак беле? Ал Өз элине эт бышырып бере алмак беле?» – дешти.
21Муну Теңир угуп, катуу каарданды. Жакыпка каршы от жалындап күйдү, Кудайдын каары Ысрайылга каршы бет алды.
22Анткени алар Кудайга ишенишкен жок, Анын куткарарына ишенишкен жок.
23Ал асмандагы булуттарга буйрук берип, асман эшиктерин ачты.
24Алардын үстүнө асмандан манна жаадырды, аларга асман нанын берди.
25Адамдар периштелердин нанын жешти, Кудай аларга тамакты тоюшунча берди.
26Асмандан чыгыш шамалын козгоду, Өз күчү менен түштүк шамалын жиберди.
27Аларга этти топурактай жаадырды, канаттууларды деңиз кумундай жаадырды.
28Аларды кошуундарынын арасына, үйлөрүнүн жанына жаадырды.
29Алар жеп, аябай тоюшту. Аларга каалаганын берди.
30Бирок алардын каалоосу кана электе эле, алар тамактарын жута электе эле,
31аларга каршы Кудайдын каары келип, алардын бараандууларын өлтүрдү, Ысрайылдын жигиттерин сулатты.
32Бирок алар ушунун баарын көрүп турушса да, күнөө кыла беришти, Анын кереметтерине ишенишкен жок.
33Ошол үчүн Кудай алардын жашоо күндөрүн түйшүктүү кылып, жашоо жылдарын дүрбөлөңгө түшүрдү.
34Кудай аларды өлтүрө баштаганда, алар Кудайды издей башташты; Кудайга кайрылып, таң азандан Кудайга жалынышты.
35Кудай өздөрүнүн баш калкалар жайы экенин, бардыгынан жогору турган Кудай өздөрүнүн Куткаруучусу экенин ошондо эстешти.
36Ооздору менен Ага кошомат кылышты, тилдери менен Анын алдында калп айтып жатышты.
37Жүрөктөрү болсо Анын алдында таза эмес эле, алар Анын осуятына берилишкен эмес.
38Бирок Ал ырайымдуулук кылып, алардын күнөөлөрүн кечирди, аларды кырып салган жок. Көп жолу каарын кайт кылды, көп жолу Өзүнүн бүт жаалын козгогон жок.
39Кудай алардын кетсе кайрылып келбей турган адам экенин, жел экенин эске алды.
40Алар чөлдө Аны канча жолу каардантышты! Эч ким жашабаган жерде Аны канча жолу ачуулантышты!
41Кудайды кайрадан сынашты, Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришти.
42Алар Анын куткарган колун, Анын эзүүдөн куткарган күнүн унутушту.
43Анын Мисирде жасаган кереметтерин жана Соан талаасындагы ажайыптарын унутушту.
44Алар суу иче албай калышы үчүн, Кудай алардын дарыялары менен өзөндөрүн канга айландырды.
45Аларды чактырыш үчүн курт-кумурскаларды, өлтүрүш үчүн курбакаларды каптатты.
46Алардын өстүргөн өсүмдүктөрүн кырк аяктарга, алардын эмгегин чегирткелерге жем кылды.
47Алардын жүзүмдөрүн мөндүр менен, тыт жыгачтарын муз менен талкалады.
48Алардын бодо малын добул менен, майда малын чагылган менен кырды.
49Аларга Өзүнүн каарынын жалынын, ачуусун, жаалын жана алааматын каптатып, кыйратуучу периштелерди жөнөттү.
50Өзүнүн каарын кандыруунун жолун тапты, алардын жанын өлүмдөн сактаган жок, малдарына жугуштуу оору каптатты.
51Мисирдеги бардык тун балдарды, Хам чатырларындагы бардык күч башаттарын өлтүрдү.
52Анан Өз элин койлордой алып жөнөдү, аларды чөлдө койлордой алып жүрдү.
53Аларды коопсуз алып жүрдү, алар коркушкан жок, алардын душмандарын болсо деңиз басып калды.
54Аларды Өзүнүн ыйык жерине, Өзүнүн оң колу менен ээлеп алган ушул тоого алып келди.
55Алардын алдынан элдерди кууп жиберип, алардын жерин аларга мурас кылып бөлүп берди, Ысрайыл урууларын алардын үйлөрүнө киргизди.
56Бирок алар бардыгынан жогору турган Кудайды дагы сынашты, капалантышты, Анын мыйзамдарын сакташкан жок.
57Ата-бабаларына окшоп туруксуз, ишенимсиз болушту, кайып кеткен жебедей артка кетишти.
58Өздөрүнүн бийик жерлери менен Аны каардантышты, таш буркандары менен Анын кызганычын козгошту.
59Кудай муну угуп, катуу каарданды, Ысрайылга аябай ачууланды.
60Кудай Шилодо турган үйүн, адамдар арасында Өзү жашаган жыйын чатырын таштап кетти.
61Өзүнүн чебин туткунга, Өзүнүн даңкын душмандардын колуна салып берди.
62Өз элин кылыч мизине салып берди, Өз мурасына ачууланды.
63Элдин жигиттерин от жалмады, анын кыздарына арнап нике ырларын ырдабай калышты.
64Ыйык кызмат кылуучулары кылычтан өлүп жатышты, жесирлери ыйлабай калышты.
65Бирок Теңир уйкудан ойгонгонсуп, шараптан соолуга албай жаткан алптай болуп, ордунан туруп келди да,
66анын душмандарын артка качырды, түбөлүккө уятка калтырды.
67Жусуптун чатырын четке какты, Эпрайым уруусун тандап алган жок.
68Тескерисинче, Жүйүт уруусун жана Өзү сүйгөн Сион тоосун тандап алды.
69Өзүнүн ыйык жайын асмандай бийик кылып курду, жердей кылып түбөлүккө тургузду.
70Өз кулу Дөөттү кой короодон тандап алды, аны алып чыкты.
71Аны саан малдан бөлүп алып, Өз эли Жакыпты, Өз мурасы Ысрайылды кайтартуу үчүн алып келди.
72Дөөт аларды таза жүрөк менен кайтарды, аларды акылман колу менен жетектеп жүрдү.