Забур 78:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Асаптын забуру. Кудай! Бутпарастар Сенин мурасыңа келишти. Сенин ыйык ийбадатканаңды булгашты, Иерусалимди урандыга айландырышты.

2Сенин кулдарыңдын өлүктөрүн асмандагы куштарга жем кылышты, Сенин ыйыктарыңдын денелерин жырткычтарга жем кылышты.

3Алардын кандарын Иерусалимдин тегерегинде суудай агызышты, аларды көмөр киши болгон жок.

4Биз өз коңшуларыбызга күлкү болдук, тегерегибиздегилерге шылдың, күлкү болдук.

5Теңир, качанга чейин ачуулана бересиң, ачууң качанга чейин от болуп күйө берет?

6Өз каарыңды Сени билбеген элдерге, Сенин ысымыңды чакырбаган падышачылыктарга төк.

7Анткени алар Жакыпты жутушту, анын үйүн кыйратышты.

8Ата-бабаларыбыздын күнөөлөрү үчүн бизди жазалаба, бизге кечиктирбей ырайым кыл, анткени биз аябай алсырап калдык.

9Кудай, биздин Куткаруучубуз, Өз ысымың даңкталышы үчүн, бизге жардам бер, бизди куткар, Өз ысымың үчүн биздин күнөөлөрүбүздү кечир.

10Бутпарастар: «Булардын Кудайы кайда?» – деп айтышпасын. Кулдарыңдын төгүлгөн каны үчүн биздин көзүбүзчө өч алганың бутпарастар арасында белгилүү болсун.

11Сага туткундун онтогон үнү жетсин. Өлүмгө кыйылгандарды Өзүңдүн кудуретиң менен куткар.

12Теңирим, Сага акарат келтиришкени үчүн, биздин коңшуларыбызды жети эсе жазала.

13Ал эми биз, Сенин элиң, Сенин жайытыңдагы койлоруң, Сени түбөлүккө даңктайбыз, Сенин даңкыңды укумдан-тукумга жарыялайбыз.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>