Забур 79:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним-Эдут күү аспабы менен. Асаптын забуру.

2Ысрайылдын Кайтаруучусу, кулак сал! Жусупту койдой кайтарып жүргөн, керуптардын үстүндө отурган Өзүңдү көрсөт.

3Эпрайымдын, Бенжеминдин жана Менашенин алдында Өз күчүңдү көрсөт, бизди куткарууга кел.

4Кудай! Бизди кайра калыбыбызга келтир. Сенин жүзүң жаркырасын, ошондо биз куткарылабыз!

5Теңир, Себайот Кудай! Качанга чейин Өз элиңдин сыйынууларына каардана бересиң?

6Сен аларды нандын ордуна көз жашка тойгуздуң, аларды көп өлчөмдөгү көз жашка тойгуздуң.

7Сен бизди коңшуларыбызга сөз кылып койдуң, бизди душмандарыбыз кордоп жатышат.

8Себайот Кудай! Бизди кайра калыбыбызга келтир. Сенин жүзүң жаркырасын, ошондо биз куткарылабыз!

9Мисирден жүзүм сабагын көчүрүп келдиң, элдерди кууп чыгып, аны отургуздуң.

10Жүзүм үчүн орун тазалап, анын тамырларын бек орноттуң, ал бүт жерге жайылды.

11Тоолор анын көлөкөсүндө калды, анын бутактары Кудайдын кедр жыгачындай жайылды.

12Жүзүм өзүнүн бутактарын деңизге чейин жайды, жаш бутактары дарыяга жетти.

13Эмне үчүн Сен анын дубалдарын ураттың? Жолдо өтүп бара жаткандардын баары жүзүмдөн үзүп жатышат.

14Токойдогу камандар түбүн казып, талаадагы жырткычтар талап жеп жатышат.

15Себайот Кудай! Бизге кайрылып кел, бизди асмандан кара, бизди көр, бул жүзүмзарга кел.

16Өзүңдүн оң колуң отургузганды, Өзүң үчүн өстүргөн жаш бутактарды сакта.

17Ал өрттөнүп, кыйылып бүткөн. Алар Өзүңдүн каарыңдан өлүп жатышат.

18Сенин колуң Өзүң үчүн бекемдеген адам баласынын үстүндө, Өзүңдүн оң колуң тарапта отурган адамдын үстүндө, болсун.

19Ошондо биз Сенден баш тартпайбыз. Бизди тирилт, ошондо биз Сенин ысымыңды чакырабыз.

20Теңир, Себайот Кудай! Бизди кайра калыбыбызга келтир. Сенин жүзүң жаркырасын, ошондо биз куткарылабыз!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>