Забур 8:1-10 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Гиттит күү аспабы менен. Дөөттүн забуру.

2Теңирибиз, Кудайыбыз! Сенин ысымың жер жүзүндө кандай улуу! Сенин даңкың асмандан да алыс кетти!

3Душманың менен кек сактоочуңдун оозун жап кылыш үчүн, Өзүңдүн душмандарың үчүн, наристелердин жана эмчектеги балдардын ооздору менен Өзүңө даңктоо жараттың.

4Мен Сенин колуң жасаган асманыңды, Өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарыңды карап туруп:

5«Сен унутпагыдай, адам ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы ким?» – деп ойлойм.

6Сен аны периштелердин алдында бир аз убакытка эле басынттың. Ага урмат менен атак-даңкты таажы кылып кийгиздиң.

7Аны Өз колуң менен жасагандарыңдын үстүнө башчы кылып койдуң, бардыгын:

8койлор менен уйларды, ошондой эле талаадагы жырткычтарды,

9асмандагы куштарды, деңиздеги балыктарды жана деңиздеги бардык жандыктарды анын бут астына койдуң.

10Теңир, Кудайыбыз, Сенин ысымың бүт жер жүзүндө кандай улуу!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>