Забур 80:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Гиттит күү аспабы менен. Асаптын забуру.

2Биздин тирегибиз болгон Кудайга кубаныч менен ырдагыла. Жакыптын Кудайына кубанычтуу үн салгыла!

3Ырдагыла, дапты, мукам үндүү гуслини арфа менен кошо бергиле.

4Ай жаңырганда, белгиленген убакта, биздин майрам күнүбүздө сурнай тарткыла.

5Анткени бул – Ысрайыл үчүн мыйзам, Жакыптын Кудайынын буйругу.

6Кудай бул мыйзамды Жусуп Мисир жеринен чыкканда, ага күбө болсун деп бекитти. Жусуп ал жерде өзү билбеген тилди угуп жүргөн.

7Теңир мындай деди: «Мен андан оор жүктөрдү алып салдым, анын колдору себеттерден бошоду.

8Башыңа кыйынчылык түшкөндө, Мени чакырдың, ошондо Мен сени куткардым. Мен сага добулдун арасынан жооп бердим, сени Мериба суусунун жанында сынадым.

9Элим, ук, Мен сага күбөлөндүрөм. Ысрайыл! Оо, сен Мени уксаң кана!

10Сенде башка кудай болбосун, бөлөк элдин кудайына сыйынба.

11Мен Теңирмин, сени Мисир жеринен алып чыккан Кудайыңмын. Оозуңду чоң ач, Мен аны толтурам».

12Бирок Өз элим Менин үнүмдү укпай койду, Ысрайыл Мага моюн сунбай койду.

13Ошондуктан Мен аларды өздөрүнүн көшөргөн жүрөгүнүн эркине койдум, өздөрү каалаган жол менен жүрө беришсин дедим.

14Оо, Өз элим Мени укса кана! Ысрайыл Менин жолдорум менен жүрсө кана!

15Анда Мен алардын душмандарын тез эле моюн сундурар элем, колумду аларды куугунтукка алгандарга каршы сунар элем.

16Теңирди жек көргөндөр аларга кошомат кылып турар эле, ал эми алардын жыргал турмушу дайыма улана бермек.

17Мен аларды буудайдын эң жакшысы менен азыктантар элем, тоо балына тойгузар элем.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>