1Асаптын забуру. Кудай кудайлардын арасында турду. Ал кудайлардын арасында Өз өкүмүн билдирди.
2«Качанга чейин силер адилетсиз сот жүргүзө бересиңер? Качанга чейин кудайсыздарды жактай бересиңер?
3Жакыр менен жетимге туура өкүм чыгаргыла, эзилгенге жана жардыга адилеттик кылгыла.
4Жарды менен жакырды куткаргыла, аларды кудайсыздардын колунан бошоткула.
5Алар билишпейт, түшүнүшпөйт, караңгылыкта жүрүшөт. Ошондуктан жердин негизи титиреп жатат.
6Мен мындай деп айттым: “Силер кудайларсыңар, баарыңар бардыгынан жогору турган Кудайдын уулдарысыңар.
7Бирок силер бардык адамдардай эле өлөсүңөр, бардык төрөлөрдөй эле кулайсыңар”».
8Ордуңдан тур, Кудай, жерди сотто, анткени Сен бардык элди мурастап аласың.