1Ыр. Асаптын забуру.
2Кудай! Унчукпай тура бербе, сүйлөбөй тура бербе, Кудайым, тынч тура бербе!
3Анткени душмандарың чурулдап жатышат, Сени жек көргөндөр баштарын көтөрүштү.
4Сенин элиңе каршы жамандык издеп жатышат, Өзүң сактагандарга каршы кеңешип жатышат.
5Алар: «Барып, аларды кырып салалы, Ысрайыл деген ысым мындан кийин эске алынгыс болсун», – деп айтышты.
6Өз ара бир добуштан макулдашып, Сага каршы келишим түзүштү:
7эдомдуктар менен ысмайылдыктар, мааптыктар менен агрылыктар,
8Гебал, Амон, Амалык, Пелишти тургундары Тирдин тургундары менен келишим түзүштү.
9Ашур эли да аларга кошулду. Алар Лот уулдарына күч беришти.
10Мидианга, Сисрага жана Кишон суусунун жээгинде Жабинге кандай кылсаң, аларга да ошондой кыл.
11Алар Эйен-Дордо кырылып, жерге төгүлгөн кык болуп калышкан.
12Орейип менен Зейепке кандай кылсаң, аларга жана алардын төрөлөрүнө да ошондой кыл; Зебак менен Салмунга кандай кылсаң, алардын башчыларына да ошондой кыл.
13Алар: «Кудайдын элин басып алабыз», – дешкен.
14Кудайым! Алар куюн учурган топурактай, шамал учурган самандай болушсун.
15От токойду өрттөгөндөй, жалын тоолорду жалмагандай,
16Сен да аларды бороонуң менен куу, куюнуң менен дүрбөлөңгө сал.
17Аларды уятка калтыр, алар Сенин ысымыңды издешсин, Теңирим!
18Түбөлүккө уятка калышсын, коркуп калышсын, шылдың болушсун, кырылышсын.
19Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сен экениңди билишсин.