Забур 83:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Гиттит күү аспабы менен. Корактын уулдарыныкы. Забур.

2Турак жайларың кандай сонун, Себайот Теңир!

3Теңирдин короосун көксөп, жаным аябай алсырады. Менин жүрөгүм да, денем да тирүү Кудайды даңктап ырдап жатат.

4Кудуреттүү Теңирим, Падышам, Кудайым, Сенин курмандык чалынуучу жайыңдын жанынан чымчык да өзүнө жай табат, чабалекей да балапандарын басып чыгарганга уя табат.

5Сенин үйүңдө жашагандар бактылуу, алар Сени тынбай мактап турушат.

6Күчтү Сенден алган, жүрөгү Сага бурулган адам бактылуу.

7Ый өрөөнү менен өтүп бара жатып, алар ал жерден булак ачышат. Жамгыр да ал өрөөнгө батасын төгөт.

8Алардын күчүнө күч кошулуп, Сиондогу Кудайдын алдына келишет.

9Теңир, Себайот Кудай! Менин сыйынуумду ук, Жакыптын Кудайы, мага кулак сал!

10Кудайыбыз, биздин коргоочубуз, бизге назарыңды сал! Өзүңдүн майлаганыңдын жүзүн кара.

11Анткени Сенин корооңдо бир күн болуу миң күндөн артык. Мыйзамсыздардын үйүндө жашаганга караганда, Кудайдын үйүнүн улагасында болууну каалайм.

12Анткени Кудай-Теңир – күн жана калкан, Теңир ырайымын төгүп, даңкка бөлөйт. Таза жүргөндөрдү Ал жакшылыктан ажыратпайт.

13Себайот Теңир! Сага таянган адам бактылуу!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>