Забур 84:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.

2Теңир! Өз жериңе ырайым кылдың, Жакыпты туткундан бошоттуң.

3Өз элиңдин мыйзамсыз иштерин кечирдиң, анын бүт күнөөлөрүн жаап салдың.

4Өз ачууңду тыйдың, катаал каарыңды башка жакка бурдуң.

5Бизди кайра калыбыбызга келтир, куткаруучу Кудайыбыз, бизге каарданганыңды токтот.

6Чын эле, Сен бизге түбөлүккө каардана бересиңби, Өзүңдүн каарыңды укумдан-тукумга уланта бересиңби?

7Өз элиңди Өзүң менен кубантыш үчүн, Сен бизди кайрадан тирилтпей коёсуңбу?

8Бизге Өз ырайымыңды көрсөт, Теңирим, бизди куткар.

9Кудай-Теңирдин эмне айтарын угайын. Ал Өз элине, Өзүнүн тандап алгандарына тынчтык берет. Бирок алар кайрадан акылсыздык кылышпаса экен.

10Кудайдын даңкы биздин жерибизде жашашы үчүн, Андан корккондорго Анын куткаруусу ушунчалык жакын!

11Ырайым менен чындык жолугушат, адилеттик менен тынчтык өбүшөт.

12Чындык жерден чыгат, адилеттик асмандан түшөт.

13Теңир береке берет, ошондо жерибиз өз жемишин берет.

14Адилеттик Анын алдында барат жана Анын буттарына жол даярдайт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>