Забур 85:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Теңир, мага кулак сал, мени ук, анткени мен жардымын жана жакырмын.

2Жанымды сактап кал, анткени мен Сенин алдыңда коркуп турам. Кудайым, Сага таянган кулуңду куткар.

3Мага ырайым кыл, Теңирим, анткени мен Сени күн сайын чакырам.

4Өз кулуңду кубандыр, анткени мен өзүмдүн жанымды Сенин алдыңа алып келем.

5Анткени Сен, Теңирим, ырайымдуусуң жана боорукерсиң, Сени чакыргандардын баарына көп жолу ырайым кыласың.

6Менин сыйынуумду ук, Теңир, менин жалынуума кулак сал.

7Кайгыга баткан күнү Сени чакырам, анткени Сен мени угасың.

8Кудайлардын арасында Сендей жок, Теңирим, Сенин иштериңдей иш жок.

9Сен жараткан элдердин баары Сенин алдыңа келип таазим кылышат, Теңирим, Сенин ысымыңды даңкташат.

10Анткени Сен улуусуң, кереметтерди жасайсың, Сен жалгыз Кудайсың.

11Сенин чындык жолуңда жүрүшүм үчүн, мени Өз жолуңа сал, Теңирим. Сенин ысымыңдан коркуп турушум үчүн, жүрөгүмдү бекемде.

12Сени чын жүрөгүмдөн мактайм, Теңирим, Сенин ысымыңды түбөлүккө даңктайм.

13Анткени Сен мага улуу ырайым көрсөттүң. Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайдын түпкүрүнөн куткарып алдың.

14Кудайым! Текеберлер мага каршы чыгышты, козголоңчулар тобу мени өлтүргүсү келип издеп жүрөт. Алар Сени эстерине алышпайт.

15Бирок Сен, Теңирим, Кудайым, кайрымдуусуң, ырайымдуусуң, чыдамдуусуң, абдан боорукерсиң, адилеттүүсүң.

16Мага назарыңды сал, мага ырайым кыл. Өз кулуңа Өз күчүңдү бер, Өз күңүңдүн уулун куткар.

17Мага ырайым кылганыңды билдирген белги бер, мени жек көргөндөр көрүп, уятка калышсын, анткени Сен, Теңирим, мага жардам бердиң, мени соороттуң.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>