Забур 86:1-7 KYB2004 - Bible AI

1Корактын уулдарыныкы. Забур. Ыр.

2Иерусалимдин негизи ыйык тоолордо. Теңир Сион дарбазаларын Жакыптын башка бардык шаарларынан жакшы көрөт.

3Кудайдын шаары, сен жөнүндө жакшы сөздөр айтылып жатат!

4Мени билген Раап менен Бабыл жөнүндө эскерте кетейин. Пелиштиликтер, тирликтер, эфиопиялыктар: «Бул адам ошол шаарда төрөлгөн», – дешет.

5Сион жөнүндө болсо: «Бул шаарда баланча деген киши төрөлгөн, аны Бардыгынан Жогору Турган Өзү бекемдеген», – дешет.

6Теңир элдерди каттаганда: «Бул шаарда баланча деген киши төрөлгөн», – деп жазат.

7Ырдагандар да, күү аспапта ойногондор да: «Менин бардык башаттарым Сенде», – дешет.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>