1Ыр. Забур. Корактын уулдарыныкы. Ырчылар тобунун башчысына, махалат күү аспабы менен. Эйман Эзрахинин үйрөтүүсү.
2Теңирим, менин куткаруучу Кудайым! Күндүр-түндүр Сенин алдыңда боздоп ыйлайм.
3Менин сыйынуум Сенин алдыңа жетсе экен. Менин жалбаруума кулак сала көр.
4Анткени менин жаным кайгыга батты, өмүрүм өлгөндөр жаткан жайга жакындап калды.
5Мен көргө киргендерге окшоп калдым, мен күчү жок адамдай болуп калдым.
6Сен унутуп койгон, Сенин колуң таштап койгон, өлүктөр арасына ташталган, табытта жаткан, өлтүрүлгөн адамга окшоп калдым.
7Сен мени өлгөндөр жаткан жайга, караңгылыкка, туңгуюкка түшүрдүң.
8Менин үстүмдөгү каарың мени кыйнады, Сен мени Өзүңдүн бүт толкундарың менен кыйраттың.
9Сен мени жакындарымдан алыстаттың, мени аларга жийиркеничтүү кылдың. Мен туткундамын, чыга албай жатамын.
10Көзүм кайгыдан тунарды: күн бою Сени чакырдым, Теңирим, Сага колдорумду сундум.
11Сен өлгөндөргө керемет көрсөтмөк белең? Өлгөндөр туруп, Сени даңкташмак беле?
12Сенин ырайымың мүрзөдө айтылмак беле? Сенин чындыгың чириген жерде айтылмак беле?
13Сенин кереметтериңди караңгылыкта билишмек беле? Сенин чындыгыңды унутулгандардын жеринде билишмек беле?
14Ошондой болсо да, Теңирим, мен Сени чакырам, менин таң заардагы сыйынуум Сени тосуп алат.
15Эмне үчүн, Теңир, менин жанымды таштадың? Эмне үчүн менден Өз жүзүңдү жашырасың?
16Мен бактысызмын, жаш чагымдан эле кыйналып келе жатам. Сен берген кыйынчылыктарды көтөрүп жүрүп, алсырап бара жатам.
17Сенин каарың менин үстүмдөн өттү. Сенин үрөйдү учурган коркунучтарың мени кыйратты.
18Алар мени ар күнү суудай курчап жатышат; баары чогулуп, мени тегеректеп жатышат.
19Мени чыныгы досумдан алыстаттың, тааныштарым көрүнбөйт.