Забур 88:1-53 KYB2004 - Bible AI

1Эйтан Эзрахинин үйрөтүүсү.

2Теңирим, Сенин ырайымыңды түбөлүккө ырдайм, чындыгыңды укумдан-тукумга өз оозум менен жар салам.

3Мен мындай деп айтам: Сенин ырайымың түбөлүккө негизделген, асманга Өз чындыгыңды орноттуң да, мындай деп айттың:

4«Мен Өзүмдүн тандап алган адамым менен келишим түздүм, Өз кулум Дөөткө ант бердим:

5Сенин тукумуңду түбөлүккө бекемдейм, тактыңды укумдан-тукумга орнотом».

6Теңирим, асман да Сенин кереметтүү иштериңди даңктайт, Сенин чындыгыңды ыйыктардын жыйынында айтат.

7Анткени асманда Теңирге тең келер ким бар? Кудайдын уулдарынын арасында Теңирге окшош ким бар?

8Кудай ыйыктардын улуу жыйынында коркунучтуу, Ал Өзүнүн тегерегиндегилердин бардыгына коркунучтуу.

9Теңир, Себайот Кудай! Теңирим, Сендей күчтүү ким бар? Акыйкатың Өзүңдүн тегерегиңде.

10Сен деңиздин каарына бийлик кыласың; анын толкундары жогору көтөрүлгөндө, Сен аларды басасың.

11Сен Раапты байкуш кылып басынттың, душмандарыңды Өзүңдүн кудуреттүү күчүң менен чачыратып жибердиң.

12Асман да, жер да Сеники, ааламды жана андагы бардык нерселерди Сен негиздедиң.

13Түндүк менен түштүктү Сен жараттың. Табор менен Хермон Сенин ысымыңды укканда кубанат.

14Сенин билегиң күчтүү, Сенин колуң кубаттуу, Сенин оң колуң жогору көтөрүлгөн!

15Адилеттик жана чындык – Өз тактыңдын негизи. Ырайым менен чындык Сенин алдыңда жүрөт.

16Сурнай үнүн тааныган эл бактылуу! Алар Сенин жүзүңдүн жарыгы астында жүрүшөт, Теңирим.

17Күн сайын Сенин ысымың менен кубанышат, Сенин чындыгың менен жогору көтөрүлүшөт,

18анткени алардын күчү да, даңкы да Сенсиң, Сенин жакшы ниетиң боюнча биздин мүйүзүбүз көккө көтөрүлөт.

19Биздин калканыбыз – Теңирден, биздин падышабыз – Ысрайылдын Ыйыгынан.

20Бир жолу Сен көрүнүштө Өзүңдүн ыйыгыңа мындай дедиң эле: «Мен эр жүрөккө жардам бердим, эл ичинен тандалганды жогору көтөрдүм.

21Мен Өз кулум Дөөттү таптым, аны Өзүмдүн ыйык зайтун майым менен майладым.

22Менин колум аны менен болот, Менин күчүм ага күч берет.

23Душман аны жеңе албайт, мыйзамсыз адам кыса албайт.

24Душмандарын көз алдында талкалайм, аны жек көргөндөрдү кыйратам.

25Менин чындыгым да, Менин ырайымым да аны менен, Менин ысымым менен анын мүйүзү көккө көтөрүлөт.

26Анын колун деңизге салам, оң колун дарыяларга салам.

27Ал Мени: “Сен менин атамсың, Кудайымсың жана куткаруучу аскамсың”, – деп чакырат.

28Мен аны тун уулум кылып, жердеги падышалардан жогору коём.

29Ага көрсөткөн Өзүмдүн ырайымымды түбөлүк сактайм, Менин аны менен түзгөн келишимим бузулбайт.

30Анын тукуму түбөлүк жашайт, анын тактысы асман жок болгончо турат.

31Эгерде анын уулдары Менин мыйзамымды таштап, Менин осуяттарымды сакташпаса,

32Менин мыйзамдарымды бузуп, Менин осуяттарымды аткарышпаса,

33анда Мен аларды өздөрүнүн мыйзамсыздыгы үчүн темир таяк менен жазалайм, аларга өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн сокку урам.

34Бирок Мен аны Өз ырайымымдан ажыратпайм жана Өз чындыгымды өзгөртпөйм.

35Мен Өз келишимимди бузбайм жана оозумдан чыккан сөзүмдү өзгөртпөйм.

36Бир жолу Мен Өзүмдүн ыйыктыгым менен ант бергем: Дөөткө калп айтпайм.

37Анын тукуму түбөлүк жашайт, анын тактысы Менин алдымда күн сыяктуу турат.

38Ай сыяктуу кылымдар бою асманда ишенимдүү күбө болуп бекем турат».

39Бирок азыр Сен Өзүңдүн майланганыңдан баш тартып, аны жек көрүп, ага каарданып жатасың.

40Өз кулуң менен түзгөн келишимиңди четке кактың, анын таажысын жерге кулаттың.

41Анын бардык тосмолорун талкаладың, анын сепилдерин урандыга айландырдың.

42Жолдон өткөндөрдүн баары аны талап жатышат. Ал өзүнүн коңшуларына күлкү болду.

43Сен анын душмандарынын оң колун жогору көтөрдүң, анын бардык кас душмандарын кубанттың.

44Сен анын кылычынын мизин тескери караттың, ага майданда күч берген жоксуң.

45Аны даңктан ажыраттың, тактысын жерге кулаттың.

46Анын жаштык күндөрүн кыскарттың, уятка калтырдың.

47Теңирим, качанга чейин жашына бересиң? Түбөлүккө жашынасыңбы? Качанга чейин каарың от болуп жана берет?

48Менин өмүрүмдүн кыскалыгын эстечи. Сен адам баласын кандай түйшүккө жараттың эле?

49Адамдардын арасынан ким жашап, бирок өлүмдү көрбөй калды экен? Ким өз жанын өлгөндөр жаткан жайдын колунан куткарып алды экен?

50Мурунку ырайымдарың кайда, Теңирим? Сен Дөөткө Өз чындыгың менен ант бербедиң беле.

51Теңирим, Өз кулдарыңдын көргөн кордугун эстечи, мен күчтүү элдердин баарынан кордук көрүп жатам.

52Сенин душмандарың мени кордоп жатышат! Теңирим, Өзүңдүн майлаганыңдын баскан издерин жаманатты кылып жатышат!

53Теңирге түбөлүккө даңк! Оомийин, оомийин!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>