1Кудайдын кишиси Мусанын сыйынуусу.
2Оо Теңир! Сен биздин түбөлүктүү баш калкалар жайыбызсың.
3Тоолор жаралганга чейин эле, Өзүң жер менен ааламды жаратканга чейин эле, кылымдар мурун эле Сен Кудай болчусуң.
4Сен адамды алдан тайдырып: «Адам баласы, кайрадан топуракка кайт!» – дейсиң.
5Анткени Сенин көз алдыңда миң жыл кечээ эле өтүп кеткен күндөй, түнкү күзөт убагындай.
6Сен аларды сел алгандай алып кетесиң. Алардын өмүрү түш сыяктуу; алардын жашоосу эртең менен өсүп чыгып, гүлдөп, көгөрүп, кечинде чабылып, кургап калган чөп сыяктуу.
7Анткени биз Сенин каарыңдан жок болобуз, Сенин жаалыңдан дүрбөлөңгө түшөбүз.
8Сен биздин мыйзамсыз иштерибизди Өзүңдүн алдыңа, жашыруун күнөөлөрүбүздү Өз жүзүңдүн жарыгынын алдына койдуң.
9Биздин бардык күндөрүбүз Сенин каарыңдын астында өттү. Биз өз жылдарыбызды үн сыяктуу жоготтук.
10Биздин өмүр жашыбыз – жетимиш жыл, ал эми күч-кубаттуу болсок – сексен жыл. Анын эң сонун учуру – эмгек жана оору. Анткени өмүрүбүз зуулдап тез өтөт.
11Сенин каарыңдын күчүн ким билет? Сен каарданганда, аларга эмне кыларыңды ким билет?
12Акылдуу болушубуз үчүн, өлө тургандыгыбыз жөнүндө ойлоно жүргөндү үйрөт.
13Теңирим, бизге кайрыл! Качанга чейин ушинте бересиң? Өзүңдүн кулдарыңа ырайым кыл.
14Бизди Өзүңдүн ырайымыңа эртерээк тойгуз, ошондо биз өмүрүбүз өткөнчө кубанычка, шаттыкка бөлөнөбүз.
15Сен бизди жабыркаткан күндөрүң үчүн, азапка салган жылдарың үчүн кубандыр.
16Өз кулдарыңа Өз иштериңди көрсөт, алардын балдарына Өз даңкыңды көрсөт.
17Кудай-Теңирибиздин ырайымы биздин үстүбүздө болсун. Биздин иштерибизге ийгилик бер, биздин колдон чыккан иштерге ийгилик бер!