1Ырчылар тобунун башчысына. Лабендин өлүмү боюнча. Дөөттүн забуру.
2Сени, Теңир, бүт жүрөгүм менен даңктайм, Сенин бүт кереметтериңди жарыялайм.
3Сен жөнүндө ойлоп кубанам, салтанат курам. Кудуреттүү Кудай, ысымыңды даңктап ырдайм.
4Менин душмандарым артка качканда, мүдүрүлүп жыгылып, Сенин алдыңда өлүшөт.
5Анткени Сен мага адилеттик кылдың, кыйынчылыктан чыгардың. Адилет Сот, Сен тактыга отурдуң.
6Бутпарас элдерге каардандың, кудайсыздарды өлтүрдүң, алардын атын түбөлүккө өчүрүп салдың.
7Душмандын куралы таптакыр калбай калды, алардын шаарларын талкаладың, алардын аты өздөрү менен кошо өчтү.
8Бирок Теңир Өз тактысына түбөлүк отурат. Сот жүргүзүү үчүн, Ал Өз тагын даярдады.
9Ал ааламды адилет соттойт, элдерди туура соттойт.
10Теңир эзилген адамга баш паана, кайгы учурунда таяныч болот.
11Сенин ысымыңды билгендер Сага таянышат, анткени Сени издегендерди талаага таштабайсың, Теңир.
12Сион тоосунда жашаган Теңирди мактап ырдагыла, Анын иштерин эл арасында жарыя кылгыла.
13Анткени Ал төгүлгөн кан үчүн жазалайт, кан төккөндөрдү жазасыз калтырбайт, эзилгендердин ыйын эсинен чыгарбайт.
14Мага ырайым кыл, Теңир. Жек көргөндөрдөн тарткан азабыма көз сал, мени өлүмдөн сактоочу бир Өзүңсүң.
15Сени Сион кызынын дарбазаларынын алдында даңазалайм. Мени куткарганыңа кубанам.
16Мага көр казган эл өз көрүнө өзү түштү. Өздөрү жайган торго өздөрү чалынып калышты.
17Теңир Өзүнүн жүзөгө ашырган соту менен таанылды, кудайсыз адам өз колу менен кылган кылмышы үчүн кармалды.
18Кудайсыздар, Кудайды унуткан элдердин баары өлгөндөр жаткан жайга түшүшсүн.
19Анткени жакыр биротоло унутулбайт, жардынын үмүтү биротоло үзүлбөйт.
20Теңир, ордуңан тур, адамдар үстөмдүк кылышпасын, бутпарас эл Сенин алдыңда жазалансын.
21Теңир, аларга коркунуч жибер, элдер өздөрүнүн адам экенин билишсин.
22Теңир, эмне үчүн алыс турасың, кайгы учурунда эмне үчүн Өзүңдү жашырасың?
23Кудайсыз өзүнүн текебердиги менен жардыны куугунтуктап жатат. Алар өздөрүнүн ойлоп чыгарган айла-амалдары менен колго түшүшсүн.
24Кудайсыз өз кумары менен мактанат. Мансапкор өзүн өзү урматтайт.
25Кудайсыз өзүнүн менменсингендиги менен Теңирди тоотпой жатат. «Ал жазалабайт», – деп ойлойт. Ал дайыма: «Кудай жок!» – деп ойлойт.
26Кайсы учурда болбосун, анын жолунда өлүм турат. Ал Сенин мыйзамдарыңдан алыс. Бардык душмандарын ал текебердене карайт.
27Ал өз ичинен: «Мен эч качан мүдүрүлбөйм, эч качан башыма жамандык келбейт», – дейт.
28Анын оозу каргышка, бузукулукка, калпка толгон. Анын тилинде кыйноо жана кыйроо бар.
29Короонун сыртындагы буктурмада отурат, айыпсызды жашыруун жерлерде өлтүрөт, анын көздөрү жардылардын артынан аңдып жүрөт.
30Yңкүрдө аңдып жаткан арстандай болуп, жашыруун жерде аңдып жатат. Жардыны кармап алыш үчүн, буктурмада отурат. Жардыны торуна түшүрүп кармап алат.
31Эңкейип жата калат, ошондо жардылар анын курч тырмактарына чалынат.
32Өз ичинен: «Кудай эсинен чыгарды, Өз жүзүн жаап алды, Ал эч качан көрбөйт», – дейт.
33Ордуңан тур, Теңирим, Кудайым, колуңду жогору көтөр, эзилгендерди унутпа.
34Эмне үчүн кудайсыз адам Кудайды тоотпой, өз ичинен: «Ал жазалабайт», – дейт?
35Өзүң көрүп турасың, анткени Сен Өз колуң менен жазасын бериш үчүн, ыза кылгандар менен куугунтукка алгандарды карап турасың. Жарды өзүн Сага тапшырат. Жетимге Өзүң гана жардам кыласың.
36Кудайсыз менен зулумдун күчүн талкала, анын мыйзамсыздыгын издеп таппай калышсын.
37Теңир – түбөлүктүү падыша. Анын жеринен бутпарастар жок болушат.
38Теңир! Момундардын тилеген тилегин угасың. Алардын жүрөгүн бекемде, аларга кулак сал.
39Жетим менен эзилгенге болуш, мындан ары жер жүзүндө адам баласы зулумдук кылбасын.