1Забур. Ишемби күнгө арналган ыр.
2Бардыгынан жогору турган Кудай, Сени даңктаган, Сенин ысымыңды мактап ырдаган кандай жакшы!
3Эртең менен Сенин ырайымыңды, түн ичинде чындыгыңды жарыя кылуу кандай жакшы!
4Он кылдуу арфа, гусли чертип ырдоо кандай жакшы!
5Анткени Сен мени Өзүңдүн жараткандарың менен кубанттың, Теңир. Мен Сенин колуң жасаган иштерге суктанам.
6Теңир, Сенин иштериң кандай улуу! Сенин ойлоруң кандай терең!
7Аны ойлонбогон адам билбейт, аны акылы жок адам түшүнбөйт.
8Кудайсыздар чөп чыккандай чыгышат, мыйзамсыз иштерди кылгандар түбөлүк жок болуш үчүн гүлдөшөт.
9Сен болсо, Теңирим, түбөлүккө баарынан жогору турасың!
10Анткени, мына, Теңирим, Сенин душмандарың, мына, Сенин душмандарың өлүп жатышат, мыйзамсыз иштерди кылгандар туш-тушка чачырап жатышат.
11Бирок Сен менин мүйүзүмдү буйволдун мүйүзүндөй жогору көтөрдүң, Сен мени жаңы зайтун майы менен майладың.
12Мен душмандарымдын кыйраганын өз көзүм менен көрүп жатам, мага каршы чыккан зулумдардын талкаланганын өз кулагым менен угуп жатам.
13Адил адам курма дарагындай гүлдөйт, Лебанон кедриндей асманга бой керет.
14Теңирдин үйүнө отургузулгандар Кудайыбыздын короосунда гүлдөшөт.
15«Теңир адилеттүү, Ал менин тирегим, Анда калп жок», – деп жар салуу үчүн,
16алар карыганда да мөмөлүү, ширелүү, жашыл болуп турушат.