1Теңир падышачылык кылып жатат, Ал улуулукту кийим кылып кийген. Теңирди кудурет курчап турат, Ал күч менен курчанган. Ошондуктан аалам бекем турат, козголбойт.
2Сенин тактың адегенде эле орнотулган. Сен түбөлүктүүсүң.
3Теңирим, дарыялар ашып-ташып жатат, дарыялар өз добушун көтөрүп жатышат, дарыялар өз толкундарын көтөрүп жатышат.
4Бирок асмандагы Теңир көптөгөн суулардын добушунан да, деңиздердин күчтүү толкундарынан да күчтүү!
5Сенин күбөлөндүрүүлөрүң туптуура. Теңирим, Сенин үйүңө түбөлүк ыйыктык таандык.